«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси тик форматтаны сериалдар сынагын жарыялайт
“Кыргызсериал” мамлекеттик мекемеси кыргыз тилиндеги заманбап санарипти квидеоконтентти өнүктүрүү жана чыгармачыл жаштарды колдоо максатында тик форматтагы сериалдарды тартуу боюнча расмий сынак жарыялайт.
Госучреждение «Кыргызсериал» объявило конкурс на создание сериалов в вертикальном формате для развития современного цифрового видеоконтента на кыргызском языке и поддержки творческой молодёжи.
2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген сериалдардын сценарийлерине сынак жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын планында көрсөтүлгөн тематикага туура келген;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-2027-жылдарга улутгук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын планында көрсөтүлгөн тематикага туура келген;
Кара-кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгынын тематикасына туура келген;
202I-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын тематикасына туура келген.
СЦЕНАРИЙДИН ИЧИНЕ ТӨМӨНКҮЛӨР КАМТЫЛАТ:
- сунуштама;
- логлайн;
- синопсис;
- сценарий;
- автордунаты-жөнүжана байланыш телефону/электрондук почтасы.
Катышуучулардын категориясы:
Сынакка тажрыйбалуу жаратмандар менен катар, чыгармачылыкка жаңы аралашып жүргөн драматург, сценаристтер катыша алат.
Талаптар:
Сынакка катышып жатканчыгарма кыргыз жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама -каршы келбеши керек.
Ошондой эле ал чыгарма, мурда эч жерде жарыяланбаган болууга тийиш;
Форматы- стандарттуу. Шрифт- Times New Roman, размер-14, саптардын ортосундагы интервал-1;
• Катышуучу тууралуу толук маалымат (резюме): автордун билими, тажрыйбасы жана фильмографиясы (кайсы тасмада эмне кызматат карган);
Аталган документтер конвертке бекитилип, “Сынакка” деген жазуусу менен төмөндөгү көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлүшү керек.
Интеллектуалдык менчик:
Сынактын катышуучулары жиберилген сценарийге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.
Сынактын баалоо критерийлери:
•Нарк туулук, салттуу тарбиялык, адеп-ахлактык жана мекенчилдик сыяктуу баалулуктарга карата өзгөчөлүгү;
•Коомдук саясий мамилелердин бир беткей кызык чылыктарына жол берилбеши керек;
Сынакка келип түшкөн сценарийлер жана документтер“ Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк Бирикмесинин Көркөм Кеңеши тарабынан каралат жана алар кайракай тарылбайт.
Сынакка өткөрүү мөөнөттөрү:
Сынак: 2024-жылдын 1– мартынан 30- майга чейин жүргүзүлөт.
Кабылалуу саат 10:00-18:00 чейин.
Дареги:
Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти- 1с 2
“Кыргызсериал” ЧӨБ мамлекеттик мекемеси
(3-кабат, 318-319 каб)
Электрондук дарек:
Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript
,
Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript
Материалы, размещенные на сайте Kyrgyzcinema, предназначены только для персонального пользования. Публичное распространение материалов возможно только со ссылкой на интернет сайт www.kyrgyzcinema.com.