30.08.2013 00:00 |
Сегодня в "Кыргыз Туусу": КИНО КАК ИСКУССТВО ИЛИ КИНОБАЛАГАН? - 30.08.2013
Мы приводим материал в авторской версии под заголовком - Кино искусство катарыбы же кинобалаганбы?
Бул жылы Балтиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн “Киношок” (2013-ж.15-22-сентябрда , Анапа,Россия) Жыйырма экинчи Ачык кино фестивалынын жетекчилиги көңүлүн Кыргыз Республикасынын заманбап киносуна бурууну чечти.Негизинен “Кинощокто” 12 тасма тартууланат: фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземинде Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк” тасмасы көрсөтүлөт, башкы конкурсттук программада Темир Бирназаровдун “Кумар” тасмасы фестивалдын байгеси үчүн таймашат, Елизавета Стишованын "Чайка" аттуу кыска метраждуу көркөм тасмасы аталган фестивалдын "Границы шока" сынагынын байгесине катышат, альманах программасында көрүүчүлөр Эрке Жумакматованын “Мекеним Кыргызстаным” долбоорун баалашат. Мындан сырткары, Анапа курорт-шаарынын коноктору 2013-жылдын мыкты оюн кыска метраждуу тасмаларын көрүшөт: Наргиза Маматкулованын “Зефир”, Алижан Насыровдун “Кара далы” жана Нуржамал Карамолдоеванын “Өгүз аял”. Ошондой эле анапалыктар кыргыз режиссерлору Адилет Акматов “Мурас сыры”, Акжол Бекболотовдун “Карт бойдок”, Данияр Абдыкеримовдун “Гу Джун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?”, Эрнест Абдыжапаровдун “До+Фа” жана “Такси жана телефон” жаңы коммерциялык тасмаларын көрүшөт.
Ушуга байланыштуу заманбап кыргыз киносунун абалы, анын плюс жана минустары жөнүндө, позитивдүү тенденциялары жана карама-каршы учурлары жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз кызык.
Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында “Кыргыз керемети” пайда болду.СССР кулагандан кийин он жылдан ашык ата мекендик арт-хаустун баштоочулары жана атактуу чет өлкөлүк сынчылар биздин өлкөнү “Автордук кинонун аймагы” деп атап келишкен.Биздин мыкты тасмаларыбыз Каннадагы, Берлиндеги, Пусанедеги, Локарнодогу, Роттердамдагы,Карловый-Варадагы кадыр-барктуу фестивалдардын программасына кирип калышчу.Акыркы жылдары,карапайым элдин табитине ылайыкталган, тандалбаган, жеңил тасмалар пайда болгондо,чоң стилдеги улуу урматтуу кинобуз жетиле элек кичинекей киного же жөн гана балаганга айланды.Быйылкы киносезондун учурунда чуулгандуу арт-хаус тараптын кыйшаюусу байкалды,чындыгында эле сыноодо калп-арт хаус болуп чыга келди.Көптөгөн өз демилгелери менен иштеген режиссерлор “өзүнүн жеңил киносун” бир канча татаалдантып жана автордук кинонун форматына өтүүгө , анын маанисин акырына чейин түшүнбөй эле аракеттенишүүдө . Эске сала кетсек,автордук кино бул- режиссердун ички дүйнөсүн, өз кемчиликтерин, азап чегүүлөрүн, баштан өткөндөрүн чагылдырат.Чебердин бай жеке дүйнөсү (Тарковскийдин, Бергмандын, Киарстаманын, Махмальбафдын, Германдын, А.Арым Кубаттын, Сарулунун, Бирназаровдун ж.б.) дайыма анын өзгөчө, сейрек кездешүүчү, кайталанбас кинематографиялык колжазмасы аркылуу берилет.Ал эч качан башкалардын сюжетин өздөштүрө албайт.
Биздин кинонун экинчи негизги маселеси – тартуучу топто редактордун жоктугу.Адамдар сценарийлерди жазышат, акчаларды табышат, кастинг өткөрүшөт, тартып башташат, монтаждап жана үндүү кылып башташат... Андан кийин гана өздөрүнүн чыгармачылык “эксперименттеринин” натыйжалары жөнүндө ойлонуп башташат: “макулдукту” алыш үчүн, анын “чыгармасын” карап көрүүнү суранышат.Кайсыл бир убакта алар коомдук таанылуунун мындай жеңил көрүнгөн түрү аларды белгилүү ички туңгуюкка алып бараарын түшүнүп башташат.Эмне үчүндүр жалпы кабыл алынган үлгүдөгү сапатка дал келбейт, эмне үчүндүр эң арзан көрүнөт, эмне үчүндүр шек туудурат.Адамдар өзүн баалоо абалында эмес. Таң калыштуу, бирок алар дайыма жакшы редактордун ролу жөнүндө унутушат.Операторлор, актерлор, ассистенттер жана башкалар менен бирге тартуучу топто редактордун иштеши керектигин , ал ойдун алгачкы сценарийдик жазууну ойлоо баскычынан эле темага кирип кетерин эске алышпайт. Баардыгы суроо беришет: “Эмне үчүн бизде мурда сапаттуу кино болгон, ал эми азыр тасма өндүрүүдө ишке профессионалдык эмес мамиле басымдуу болууда?”.Баардыгы эң жөнөкөй: мурда кинону профессионалдарга тартууну ишенип беришкен, алар москвалык, питердик, алматылык,ташкенттик ЖОЖдордо атайын билим алган , окуу убагында белгилүү режиссерлордун съемкаларында практикаланышкан, Кыргызстанга келгенден кийин чеберлердин тартуучу аянтчасында бир нече жыл “урулгандар”...
Бизде начар кинолор көп, бирок мен кубанычтамын, себеби азыр экрандын белгилүү чеберлеринин бир нече кызыктуу автордук тасмалары чыкты: Темир Бирназаров дун “Кумар”, Марат Сарулунун “Садок” ж.б.Мен , биз нигериялык Нолливуддун деңгээлине түшүп кетебизби деп коркком.Ал жакта арт-хаус деген түшүнүк жок, таптакыр эч кандай маданий баалуулукка ээ болбогон , артта калган, арзан кино гана бар.Эми гана, биздин жаш көз карандысыз режиссерлор көп керектелүүчү азыктын алгач сапаттуу болуш керек экендигин билишти жана аны жасай башташты ( мисалы, “Салам, Нью-Йорк”), мен ишенем, биздин кинематограф окшош тармактардын бюджетинде алдынкы катардагы позицияны ээлейт деп .
Бизде Кыргызстанда кино тартууга эң сонун табигый шарттагы аянтчалары бар, мисалы, Ыссык-Көл областынын Тоң районунда атактуу кинематографиялык өрөөн бар, анда үн таза түрдө жазылат, себеби шамалдын кирүүсүнө мүмкүндүк бербеген тоолор менен курчалган.Менимче, негизинен, бүткүл Кыргызстан кыргызстандык жана чет өлкөлүк режиссерлордун тасмаларын тартуу үчүн эң сонун табигый шарттагы аянтча болуп бере алат.Биз самолетторду чыгарбайбыз, өнөр жай бизде жокко эсе, дүйнөнү күрөштүн айрым түрүнөн башка спорттогу жетишкендиктерибиз менен таңдандыра албайбыз.Бирок биздин адамзат ресурстарыбыз жана эң кооз жаратылышыбыз бар. Бишкекте кинопрокаттык чөйрө өнүгө баштады. Биз чындыгында эле Киностан деген даңктуу ат менен көз карандысыз киномамлекет боло алабыз.Биздин фестивалдык кино чөйрөсүндө бир кыйла жетишкендиктерибиз бар: биз катышканбыз жана дагы мындан ары Каннадагы жана “А” класстагы башка фестивалдарга көп жолу катышабыз деген ишеничтемин.Ал эми акыркы мезгилде бизде таланттуу жаштардын чоң тобу өсүп чыкты.Мындайча айтканда , киного жөн гана тасмаларды тарткан эмес, ошондой эле алдыда али дагы көп окуш керек экендигин түшүнгөн жаңы инсандар келди.
Гульбара Толомушова Которгон Нургуль Исмаилова |