Фестивали: подача заявок

Кинематография департаменти Ормон хандын 230 жылдыгына карата сынак жарыялайт
 
Кинематография департаментинин Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине карата анын өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн баяндаган даректүү тасманын сценарийлеринин сынагына даректүү тасмаларынын долбоорлорун кабыл алууну жарыялайт.
Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” чыгармачыл- өндүрүштүк бирикмеси "Корком сериалдардын сценарийине" сынак жарылайт
 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси "Көркөм сериалдардын сценарийине" сынак жарылайт.

Подробнее ...
 

Заявляйте Ваши проекты в программу Work in Progress МКФ в Карловых Варах
 

В 2023 году программа Work in Progress МКФ в Карловых Варах ждет продюсеров и режиссеров из стран Центральной и Восточной Европы, Балкан, бывшего Советского Союза, Ближнего Востока и Северной Африки. Они должны будут представить проекты в периоде производства, с надеждой, что премьера завершенных фильмов в ближайшем будущем может состояться на МКФ в Карловых Варах.

Подробнее ...
 
10.03.2023 00:00

Некролог. Марат Сарулу
 

Кыргыз коомчулугу жана кино өнөрү орду толгус оор жоготууга учурады.

 

2023-жылдын 9-мартында 65 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу дүйнө салды.

 

Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас шаарында туулган. 1980-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган жана 1984-жылы Москва шаарындагы Режиссерлордун Жогорку курсунда Ф.Хитруктун устаканасында билим алган.

 

Марат Сарулу Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун жана КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн кинематографисттер союздарынын конфедерациясынын мүчөсү болгон.

 

Марат Сарулу сценарист жана режиссер катары койгонтолук метраждуу “Миң кыял”, “Көч”, “Песнь южных морей”, “Бурная река, безмятежное море”,“Алтын кыргоол”, кыска жана орто метраждуу “Мандала” “Взлет”, “Соль”, даректүү “Имаго” жана анимациялык “Моление о Пречистой птице” тасмаларыреспубликалык жана эл аралык деңгээлде жогору бааланып, эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланган.

 

Сценарист катары “Манкурт”, “Бешкемпир” толук метраждуу тасмаларынын сценарийлеринин со-автору болгон.

 

Жапаров С.Н., Шакыев Н.Т., Жапаров А.У., Байсалов Э.Ж., Максутов А.А., Чынгыз Эсенгул уулу, Шер-Нияз С., Иманалиев К.О., Бектеналиев М.А., Усупекова А.К., Бекболотов А., Өзбекова Ж., Керимова Г.К., Токомбаева Н.К., Абдиев М., Ишенов С., Мусаев М., Арым-Кубат А., Соданбек Ж., Ибрагимов Т., Мамбетова Н., Сыдыкбаева Ж., Абдыгулов К., Сүйүндуков А., Сарулу М., Абдыкадыров Н., Одуракаев Б., Жангазиев А.М., Бирназаров Т.М., Мукул Б.