Фестивали: подача заявок

Кыргызский Оскаровский комитет объявляет о начале приёма заявок

 

Кыргызский Оскаровский комитет объявляет о начале приёма заявок для участия в национальном отборе фильма, который представит Кыргызскую Республику в категории «Международный полнометражный фильм» 99-й премии «Оскар®» Американской академии кинематографических искусств и наук.

Подробнее ...
 

Заявители проектов на участие в альманахе "Мой Айтматов", приглашаются в Дом Кино

 

День и время встречи: 16.07.2026 в 12:00 полдень
Место встречи: Дом кино, Логвиненко, 13, Бишкек
Подробнее ...
 

Открылся приём заявок для создания альманаха "Мой Айтматов", посвящённый 100-летию писателя

 

К конкурсу приглашаются молодые кыргызские режиссёры: примите участие в создании киноальманаха "Мой Айтматов", который будет состоять из 10 новелл по 10 минут каждая.

Подробнее ...
 
18.08.2026 00:00

Көчмөндөр оюндары жана ШКУ өлкөлөрдүн маданий кызматташтыгын бекемдейт

 

ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалы (Чолпон-Ата): 16-19.07.2026
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: 31.08 - 06.09.2026
 
 
 

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Көчмөндөр оюндары жана ШКУ өлкөлөрдүн маданий кызматташтыгын бекемдейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине кино таануучу, КР эмаданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

 

Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин маданиятын даңазалап, спорттук мелдештерден тартып, кол өнөрчүлөрдүн эмгектерине чейин көрсөтөт. Ал эми ШКУ саммитин утурлай ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кинематографисттери кино тармагында алакаларды арттырууну басым жасашты.

 

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бизде өткөрүлүшү чоң сыймык Ачылыш аземи Борбор Азиядагы эң ири стадиондун бири болгон “Бишкек Аренада” болгону жатат. Бизге Көчмөндөр оюндарынын кайрадан келиши кубанныч тартуулап жатат. Дүйнө жүзүнө өлкөнү тааныта турган оюндарга ийгиликтерди каалайбыз. Ошондой эле айта кетсем, быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылып жаткандыктан, уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда маданий алакаларды бекемдөөгө да өзгөчө көңүл бурулду десек болот. Бул өлкөлөрдүн кинематографисттери Чолпон-Атадагы “Чолпон” кинотеатрынын аянтчасында өткөн кинофестивалга чогулушту.  Анда сынактык тасмалардын, ошондой эле популярдуу кыргыз тасмаларынын көрсөтүлдү. Бул фестиваль кыргыздын көрүнүктүү кинооператору жана режиссёру Кадыржан Кыдыралиевдин 90 жылдыгына арналды. Фестивалдын Гран-приси Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" тасмасына ыйгарылды. Фестивал абдан ийгиликтүү өттү. Мындай иш-чаралар элдердин достугун жана маданий кызматташтыгын бекемдейт”, - деп белгиледи Гүлбара Төлөмүшова.

 

Мээрим Дүйшөналиева