| 26.05.2026 00:00 |
|
“Алча Групп” продакшн-студиясы режиссёр Бекзат Пирматовдун “Кассандра” аттуу мистикалык этно-хоррор тасмасын тартуулайт. Тасма улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Кассандранын тамгасы” повестинен шыктануу менен жаралган.
Тасманын жүгүртүүгө чыгуу даталары:
Учурда башка өлкөлөрдө дагычоң экрандарга чыгаруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
“Кассандра” — психологиялык драма, фольклор жана социалдык притча элементтерин айкалыштырган атмосфералуу мистикалык этно-хоррор. Тасма эс тутум, жоготуу, коркунуч жана адамдын жан дүйнөсүнүн жарааттары менен жүз көрүшүүсү тууралуу баяндайт.
Тасманын сюжети
1980-жылдардын башы. Алыскы бир айылда аялдарга эне болууга жардам берген көзү ачык аял айрым кош бойлуу аялдардын маңдайында жамандыктын белгисин — келечектеги алааматтын жышаанын көрө баштайт. Ага ыроолонгон касиет менен каргыштын ортосунда кыйналган көзү ачык, тагдырын түп-тамырынан өзгөрткөн бир чечимди кабыл алат.
Актёрдук курам
Башкы ролду казак театр актрисасы Енлик Айымгазы (Ерболкызы) аткарган — бул анын кинодогу алгачкы тажрыйбасы болду.
Ал эми көзү ачык аялдын ролун Кыргыз Республикасынын Эл артисти, сахнага 60 жылдан ашуун өмүрүн арнаган Кулайым Каныметова жаратты.
Тасмадагы негизги ролдордун бирин болсо актер Жаннатбек Керимбаев аткарган. Ал КМШ өлкөлөрүндө “Отель Элеон”, “Чебурашка”, “Чебурашка 2”, “Эки дөбө” (Два холма) жана башка долбоорлор аркылуу комедиялык актёр, сценарист катары белгилүү.
Тасмада ошондой эле белгилүү кыргыз актёрлору — Айнура Качкынбек кызы, Шаршекүл Аманова жана Эльдияр Джарашев да роль жаратты.
Тасманын тартуу иштери
Тасманын тартуу иштери Бишкекте жана Ысык-Көл облусунун Ак-Терек айылында өткөн. Ак-Теректеги негизги тартуу аянтчасы үчүн атайынүй курулуп,аяктагандан кийин толугу менен бузулган.
Режиссёр тууралуу
Бекзат Пирматовдун алгачкы режиссёрдук эмгеги — “Аврора” тасмасы — 2018-жылы Пусан эл аралык кинофестивалында көрсөтүлгөн. 2019-жылы бул тасма Кыргызстан тарабынан Американын киноискусство жана илим академиясынын “Оскар” сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлгөн.
|


