| 27.05.2026 00:00 |
|
Актриса Одри Тоту 7–12-июнь күндөрү борбор калаада өтө турган IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын эң башкы жана эң кадырлуу коногу болот.
Одри Тоту дүйнөлүк атак-даңкка Жан-Пьер Жёне тарткан «Амели» тасмасындагы башкы ролдон кийин жетишкен. Бул тасма быйыл 25 жылдыгын белгилейт. Көрүүчүлөр аны «Коко Шанелге чейин», «Узак баарлашуу» жана «Да Винчинин коду» тасмаларындагы ролдору аркылуу да жакшы билишет. «”Венера” сулуулук салону» тасмасындагы ролу үчүн актриса «Сезар» сыйлыгына татыктуу болуп, кийин BAFTA сыйлыгына да талапкер болгон.
Одри Тоту
Бишкек эл аралык кинофестивалы эл аралык киноиндустриялык аянтча катары өнүгүүсүн улантууда. Мындай деңгээлдеги коноктордун келиши фестивалдын тарыхынын маанилүү бөлүгүнө айланып, Бишкекти дүйнөгө таанытууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Фестивалдын ачылыш аземинде Одри Тоту айымга дүйнөлүк кинематографияга кошкон зор салымы үчүн ардактуу сыйлык (For lifetime achievement in world cinema) ыйгарылат.
Быйыл фестивалдын программасы алты дүйнөлүк премьераны, заманбап чет элдик жана Борбор Азия кинотасмаларын көрсөтүүнү, ошондой эле режиссерлор менен сценаристтер үчүн питчингдерди жана практикалык лабораторияларды камтыган индустриалдык бөлүктөрдү камтыйт. Фестиваль өзгөчө асмосферага чулганат.
Фестивалдын программасы, көрсөтүүлөрдүн жана жолугушуулардын графиги расмий булактарда жарыяланат.
|


