Фестивали: подача заявок

Заявители проектов на участие в альманахе "Мой Айтматов", приглашаются в Дом Кино

 

День и время встречи: 16.07.2026 в 12:00 полдень
Место встречи: Дом кино, Логвиненко, 13, Бишкек
Подробнее ...
 

Открылся приём заявок для создания альманаха "Мой Айтматов", посвящённый 100-летию писателя

 

К конкурсу приглашаются молодые кыргызские режиссёры: примите участие в создании киноальманаха "Мой Айтматов", который будет состоять из 10 новелл по 10 минут каждая.

Подробнее ...
 

Второй МКФ Молодых кинематографистов "Сулайман-Тоо" начал приём заявок

 

Сроки и место проведения: 07-09.10.2026, Ош, Кыргызстан
Приём заявок: с 02.06 по 15.08.2026 
Подробнее ...
 
30.05.2026 00:00

Режиссёр жана сценарист Наргиза Дотиеванын дебюттук “Эрезе" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Шанхайда өтөт!

 

Наргиза Дотиева менен Гүлнара Касмамбетованын "Эрезе" аттуу толук метраждуу тасмасы 28-Шанхай эл аралык кинофестивалынын "Азиянын өнүгүп жаңы таланттары" аттуу сынактык программасына киргизилди. 28-Шанхай эл аралык кинофестивалы 2026-жылдын 12-июнунан 21-июнуна чейин өтөт.

 

 

 

"Эрезе"/"Skylark"

 

Сценарийдин автору жана режиссёру: Наргиза Дотиева

Идея жана продюсер: Гүлнара Касмамбетова

Оператор: Бенджамин Лидделл

Композитор: Евгений Ким

Башкы ролдордо: Уларбек Мирланов жана Бермет Омурова

Өндүрүш: "Kyrgyzserial" жана "Dapanfilm"

Чыккан өлкөсү: Кыргызстан

Тасма бүткөрүлгөн: 2025-жылдын декабрь айы

Узактыгы: 85 мүнөт.

 

Синопсис: “Эрезе” тасмасы Айбек деген өспүрүмдүн эрезеге жетилүүсү жөнүндө. Ал Советтер союзу ыдырагандан кийин пайда болгон кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги айылда жашайт. Өспүрүм бала чек арадагы чыңалган кырдаал менен айылдагы үйүндөгү бейпил турмуштун карама-каршылыгына кабылат. Чек ара кырдаалы курчуганда, өспүрүм бала эс тутум, милдет жана тандоо маселесин чечүүгө мажбур болот. “Эрезе” - жер, чек ара жана үй бүлөөнүн ажырымга учураган шартында өсүп, жетилип, адам болуу жөнүндөгү тасма.

 

Режиссёр өзүнүн сценарийин Эл жазуучусу Султан Раевдин “Акыркы керээз” аттуу ангемеси жана Жоомарт Бөкөнбаевдин “Чептен эрдин күчү бек” аттуу поэмасына шыктанып жазган.

 

Наргиза Дотиева

 

Режиссер жана сценарийдин автору Наргиза Дотиева Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 2007-жылы Лондондогу Вестминстер университетин “Кино жана ТВ режиссёру” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Окуусун аяктагандан кийин, Наргиза Dove, BMW, Hyundai жана Turkish Airlines сыяктуу белгилүү эл аралык компаниялар үчүн даректүү жана коммерциялык тасмаларды тарткан. Наргиза көп жылдар бою Кыргызстан, Орусия жана Улуу Британияда жашап, билим алып, ар кандай улуттардын жана элдердин маданий мурасын өздөштүргөн. Ал чыгармачыл чөйрөдө, искусствону, кинону, фольклорду жана улуу муундун салттарын жогору баалаган үй-бүлөдө чоңойгон. Анын "Көк дарбаза" (2024) кыска метраждуу тасмасы көптөгөн эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, сыйлыктарга ээ болгон.