Фестивали: подача заявок

Второй МКФ Молодых кинематографистов "Сулайман-Тоо" начал приём заявок

 

Сроки и место проведения: 07-09.10.2026, Ош, Кыргызстан
Приём заявок: с 02.06 по 15.08.2026 
Подробнее ...
 

Открыт приём заявок для участия в МКФ короткого метра Thesan International Short Film Festival, Италия

 

МКФ короткого метра Thesan пройдёт 6 и 7 ноября 2026 года в великолепном театре имени Леи Падовани в Монтальто-ди-Кастро (VT).

Подробнее ...
 

Открыт приём заявок для участия в 23 МКФ в Марракеше

 

Заявляйте Ваши фильмы: открыт приём заявок к участию на 23 МКФ в Марракеше (Марокко), который прройдёт с 20 по 28 ноября 2026 года.

Заявки принимаются до: 31.07.2026

Подробнее ...
 
Главная Новости кино Кыргыз делегациясы Канн кинофестивалынын Marché du Film киномаркетинде: эл аралык кызматташуу жана кыргыз киносун дүйнөлүк деңгээлде таанытуу
16.05.2026 00:00

Кыргыз делегациясы Канн кинофестивалынын Marché du Film киномаркетинде: эл аралык кызматташуу жана кыргыз киносун дүйнөлүк деңгээлде таанытуу

 

Күнү жана жери: 12-23.05, 2026-жыл; Канн, Франция

Текст жана сүрөттөр: Малика Жекшеналиева

 

 

Видео

 

Кыргыз делегациясы Канн кинофестивалынын Marché du Film киномаркетинде:

эл аралык кызматташуу жана кыргыз киносун дүйнөлүк деңгээлде таанытуу

 

2026-жылдын 12–18-май күндөрү Кыргыз Республикасы Канн кинофестивалынын алкагында өтүүчү дүйнөдөгү эң ири эл аралык киномаркеттердин бири — Marché du Film иш-чарасына катышууда. Киномаркеттин алкагында кыргыз кино индустриясынын өнүгүүсүн жана эл аралык потенциалын көрсөтүүгө багытталган Kyrgyzcinema расмий стенди иш алып барууда.

 

Marché du Film — дүйнөлүк кино индустриясынын эң маанилүү аянтчаларынын бири болуп саналат. Бул жерде жыл сайын дүйнөнүн 140тан ашуун өлкөсүнөн келген 16 миңден ашык кино тармагынын өкүлдөрү: продюсерлер, режиссёрлор, дистрибьюторлор, сейлз-агенттер, кинофонддор, телеканалдар жана эл аралык фестивалдардын өкүлдөрү чогулушат.

 

 

Кыргызстандын киномаркетке катышуусунун негизги максаты — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана өлкөнүн дүйнөлүк кино индустриясындагы ордун бекемдөө. Фестивалдын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Азия жана Европа өлкөлөрүнүн кинематография тармагындагы жетекчилери, кинофонддордун өкүлдөрү, продюсерлер, дистрибьюторлор жана фестивалдык программисттер менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

 

Быйылкы жылы Кыргызстандын Marché du Film киномаркетине катышуусу кыргыз киносу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени быйыл кыргыз киносуна 85 жыл толууда.  Ошондой эле киномаркеттин быйылкы негизги багыттарынын бири Азия киносуна арналган.

 

Иш-чаранын алкагында “Кыргыз керемети” доорунун мурасын сактоо маселелери да талкууланууда. Атап айтканда, кыргыз киносунун классикалык тасмаларын санариптештирүү жана реставрациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

 

Кыргызстандын катышуусундагы негизги окуялардын бири — кыргыз фильмдеринин индустриялык көрсөтүүлөрү болду. Бул жылы Marché du Film киномаркетинин алкагында алгачкы жолу кыргыз фильмдеринин атайын индустриялык көрсөтүүсү уюштурулууда.

 

 

“Кыргызфильм” улуттук киностудиясы төмөнкү толук метраждуу көркөм фильмдерди сунуштоодо:

 

 режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара Кызыл Сары» фильми; 

 режиссёр Дастан Мадалбековдун «Буйрук» фильми.

 

Бул көрсөтүүлөр эл аралык дистрибьюторлорду, сейлз-агенттерди, фестивалдык программисттерди жана продюсерлерди тартууга багытталган.

 

Канн кинофестивалынын алкагында кыргыз делегациясы чет өлкөлүк продюсерлер, режиссёрлор, дистрибьюторлор жана дүйнөлүк кино коомчулугу менен активдүү жолугушууларды өткөрүп, кызматташуу жана биргелешкен долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

 

 

Кыргыз делегациясынын курамына “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын, “Кыргызсериал” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун, Кинематография департаментинин өкүлдөрү жана чыгармачыл кино ишмерлери кирет.

 

Кыргызстандын Канн киномаркетине катышуусу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан уюштурулган.

 

Ошондой эле кыргыздын UmutDoc эл аралык даректүү кинофестивалы Cannes Docs программасына киргизилди.  Бул кыргыз даректүү киносу үчүн жаңы эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

 

Кыргызстандын Marché du Film киномаркетине катышуусу — улуттук кино индустриясын өнүктүрүү, эл аралык байланыштарды чыңдоо жана кыргыз киносун дүйнөлүк деңгээлде таанытуу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

 

Текст жана сүрөттөр: Малика Жекшеналиева