| 14.05.2026 00:00 |
|
Кыргыз Республикасындагы Тажикстан Республикасынын кино күндөрү өтөт
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан 2026-жылдын 18-20-май күндөрү Бишкек шаарында Ала-Тоо кинотеатрында Кыргыз Республикасындагы Тажикстан Республикасынын кино күндөрү өткөрүлөт.
Аталган маданий иш-чара Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары чыңдоого, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Кино күндөрү эки элдин маданий мурастарын, руханийбаалуулуктарын жана заманбап чыгармачылык жетишкендиктеринжакындатуу максатында уюштурулуп, маданий диалогду өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө тажик кинематографиясынын көркөм тасмалары сунушталып, ошондой эле тажик делегациясынын өкүлдөрү, кинематография тармагынын адистери жана чыгармачыл топтор менен жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлөт.
Кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи 18-май күнү саат 16:00дө өтөт. Ачылыш аземине Тажикстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, тажик кинематография тармагынын жетекчилиги,өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышат.
Расмий бөлүктөн кийин көрүүчүлөргө “Жизнь Прекрасна” көркөм тасмасы тартууланат 18-май күнү саат 16:00дө;
19-май күнү саат 14:00дө - “Сказание о Рустаме” көркөм тасмасы;
20-май күнү саат 14:00дө жабылуу аземинин алкагында - “Тропа гнева” тасмасы көрсөтүлөт.
Ар бир кино көрсөтүүдөн кийин көрүүчүлөр үчүн пикир алмашуу жана чыгармачылык талкуулар өткөрүлүп, катышуучулар заманбап тажик кино өнөрүнүн өнүгүү багыттары, көркөм изденүүлөрү жана маданий өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Кыргыз РеспубликасындагыТажикстан Республикасынын кино күндөрү эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланышэки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштарды тереңдетүүгө, гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү арттырууга өбөлгө түзөт.
Иш-чарага кирүү акысыз.
|


