| 04.05.2026 00:00 |
|
Шерменделик карнавалы: расмий бет ачары
2026-жылдын 5-май күнү саат 18:00дө “Ала-Тоо” кинотеатры чоң залында “Шерменделик карнавалы” көркөм тасмасынын расмий бет ачары өтөт.
Тасма “Тазар” кинокомпаниясынын базасында тартылып, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган.
Тасманын режиссёру Аманбек Ажымат. Ал кыргыз киносундагы көптү үмүттөндүргөн жаш кинорежиссёр. Аманбек Ажыматтын кыскаметраждуу даректүү жана көркөм тасмалары көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыган.
“Шерменделик карнавалы” - чыгармачылык эркиндик менен коммерциялык талаптардын ортосундагы күрөштү чагылдырган драмалык тасма. Ал көрүүчүнү курч социалдык жана моралдык тандоолорго жетелейт. Тасманын башкы каармандары, андагы образдар аркылуу көрүүчү бүгүнкү жашап жаткан коомубуздагы адамдын ички дүйнөсүн, кыялы менен реалдуулуктун кагылышын жана тандоонун баасын көрө алат.
Фильм эл аралык деңгээлде жогору бааланып, дүйнөлүк кинематографияда салмактуу орду бар “А” класстагы Tallinn Black Nights Film Festival (PÖFF) конкурстук программасына катышкан. Тасма тууралуу чет өлкөлүк кино сынчылар өз пикирлерин жазып, фильм эл аралык кино коомчулугунун көңүлүн бурган.
Учурда “Шерменделик карнавалы”тасмасына көптөгөн эл аралык кинофестивалдарданчакыруулар келип түшүүдө. 7-майдан тарта тасманы Кыргызстандын бардык кинотеатрларынан көрө аласыздар-тасма кеңири прокатка чыгат.
Тасманын бет ачарына кино тармагынын өкүлдөрү, тасманын актёрдук жана чыгармачыл курамы, жалпы чыгармачыл чөйрө жана жалпы көрүүчүлөр чакырылат.
|

