| 29.04.2026 00:00 |
|
Бишкекте “Жибек Жолунун төрүнөн» аттуу Кыргызстан менен Улуу Британиянын кош аракети менен тартылган даректүү кинотасмасынын улуттук бет ачары өтөт
2026-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында Кыргызстандын маданий, тарыхый жана табигый мурасын эл аралык аудиторияга тааныткан ири кинодолбоор “Жибек Жолунун төрүнөн” даректүү тасмасынын улуттук бет ачары өтөт.
Тасма эл аралык деңгээлде таанылып үлгүрдү: анын дүйнөлүк премьерасы 2026-жылдын 25-февралында Лондондо, дүйнөлүк киноиндустриянын ордосу деп эсептелген легендарлуу Лестер аянтындагы Vue Cinema кинотеатрында өткөн.
Бишкектеги көрсөтүү “Манас” кинотеатрында (Ч. Айтматов проспекти, 47А) өтөт. Кызыл килем, салтанаттуу расмий ачылыш жана тасманын жаратуучулары менен маектешүү (суроо-жооп сессиясы) да болот.
Тасма Улуу Жибек жолунун маршруттары — Бишкектен тартып кыргыздын бермети Ысык-Көлгө, Сары-Челекке, Таш-Рабатка жана Торугарт ашуусуна чейинки аралыкты камтыган даректүү саякатты чагылдырат. Тасманын өзөгүндө кыргыздын үзүлбөй келген көчмөн жашоосу, кишилик жана меймандостук каада-салттары, улуттук оюндары, салттуу өнөрлөрү жана мүнөзү жана эң башкымы “Манас” эпосунун мурасы турат.
Долбоордун автору, ишкер, саякатчы, Королдук географиялык коомунун (Royal Geographical Society) мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын туризм боюнча Глобалдык амбассадору Александра Толстая менен бирге белгилүү британиялык актер — BAFTA сыйлыгынын лауреаты, “Алтын глобус” жана “Эмми” номинацияларынын талапкери Доминик Уэст жана АКШлык атактуу актёр Кларк Питерс (“Зым”/«The Wire» сериалы) кыргыз жерине болгон бул сапарда жол көрсөтүүчү болушту. Киножылдыздар кыргыз жерине, элине болгон суктануусу жүрөгүнүн түпкүрүнө жеткенин айтып беришип, “кыргыздын калпагы тоону элестетсе, тоолору жер планетасынын таажысы” деген ою менен бөлүшүштү.
Тасма өзүнүн тереңдиги жана чынчылдыгы менен айырмаланып, көрүүчүнү Кыргызстандын маданияты менен күнүмдүк турмушуна толугу менен аралаштырат. Лондондогу дүйнөлүк премьерадан кийин эл аралык аудитория долбоорду жогору баалап, анын эмоционалдык күчүн белгилешкен.
Бул эмгек кыргыз көчмөн маданиятынын өзгөчөлүгүн гана ачып бербестен, маданий дипломатиянын куралы катары өлкөнү эл аралык аренада таанытууга жана анын заманбап имиджин, аброюн калыптандырууга кызмат кылат.
Долбоордун режиссеру — Шон Макдоннелл. Тасманын продюсери Британиянын Blink Films продюсердик компаниясы, BAFTA сыйлыгынын лауреаты, креативдүү директору — Лора Джонс, жана долбоордун ишке ашырылышына, эл аралык деңгээлде жайылтылышына коомдук ишмер, кинорежиссер, Билимкана жана Учур мектептери, балабакча негиздөөчүсү Эльнура Осмоналиева жетектеген “Эл Айым” коомдук фонду аркылуу продюсерлик кызматын аткарды. Тасма саякат-документалистикасы менен маданий изилдөөнү айкалыштырып, Кыргызстанды байыркы каада-салттар менен заманбап турмуш ширелишкен, азыркы күндө адамзатка керек жашоо стилин сактап калган өзгөчө жер катары ачып берет.
Тасма Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кинематография департаментинин жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен тартылган.
Өтүү күнү: 2026-жылдын 30-апрели, 18:30 Орду: “Манас” кинотеатры, Бишкек ш. Дареги: Ч. Айтматов проспектиси, 47А
Иш-чаранын программасы:
|


