Фестивали: подача заявок

Заявляйте Ваши фильмы к участию на XIII Форуме Молодого кино "Умут"

 

Сроки и место проведения: 03-07.03.2026, Бишкек, Кыргызстан

Заявки от кыргызстанских режиссеров принимаются до 15 февраля 2026 года

Заявки от иностранных режиссеров принимаются до 5 февраля 2026 года

Подробнее ...
 

Заявляйте Ваши фильмы к участию на 38 МКФ в Дрездене, Германия

 

Открыт приём заявок на 38-ой Международный фестиваль короткометражных фильмов в Дрездене открыт. Он пройдёт с 14 по 19 апреля 2026 года. Заявки принимаются до 1 декабря 2025 года. Условия описаны ниже. Принимайте участие и передавайте информацию всем заинтересованным!

Подробнее ...
 

Заявляйте Ваши фильмы к участию на 43 МКФ Фажр, Иран

 

Организаторы 43 МКФ Фажр в Тегеране объявили о приёме заявок. Этот фестиваль пройдёт с 26 ноября по 3 декабря в столице Ирана - Тегеране.

Подробнее ...
 
09.12.2025 00:00

Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун. Пресс-релизи

 

Слоган: Айымдардын киносу аркылуу экологияны сезүү, келечекти көрүү

Күнү: 2-5-декабрь, 2025-жыл

Жери: Ош шаары, Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусу (ачылыш жана жабылыш аземи); “Семетей” кинотеатры (тасмаларды көрсөтүү)

 

Биринчи күн:

 

2-декабрь күнү Ош шаары Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусунда  Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун ачылыш аземи болуп өттү. Кинофорумактриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлсара Ажыбековага арналды. Ошондой эле Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын турмушка ашыруу программасын колдоого жана Эл аралык тоолор күнүнүн урматына арналды.

 

Кинофорумдун ачылыш аземи жандуу музыка жана конокторду, көрүүчүлөрдү салтанаттуу тосуп алуу менен коштолду.

 

Кинофорум Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү иш-аракеттерин жүзөөгө ашыруу боюнча атайын өкүлү Кемелова Динара Амантуровнанын куттуктоо сөзү менен ачылды. Анын артынан ОБСЕнин Бишкектеги программалык кеңсесинин экономикалык жана экологиялык департаментинин башчысы Рати Джапаридзе куттуктоо сөзүн айтып, бүгүнкү иш-чаранын мыкты деңгээлде өтүп жатканын белгилөө менен айым-режиссёрлорго жылуу каалоо-тилектерин билдирди.

 

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жетекчиси Талант Төлөбеков айым-режиссёрлорду 7-кинофоруму менен куттуктап, кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Айдай Чотуева жана Жаңыл Жусупжанга  “Кыргыз киносунун отличниги” наамын, Гүлжан Иреш жана Анастасия Лысогоровага Кинематография департаментинин Ардак Грамотасын ыйгарды. Айым-режиссёрлорду куттуктап Ош шаарынын мэриясынын, Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

 

Анын артынан актриса Гүлсара Ажыбекова менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда актриса өзүнүн чыгармачылыгы, өмүрү жана ойлору менен бөлүштү. Көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди.

 

 

Андан соң публицист, журналист Жамбы Жусубалиеванын “Клара Юсупжанова” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Китепте советтик кыргыз кинорежиссёр айымы Клара Юсупжанованын чыгармачылыгы жана ал тууралуу жазылган макалалар орун алып, китеп эл тарабынан жылуу кабыл алынды.

 

Китептин бет ачарынан кийин таланттуу жаш сценарист айым, дүйнөдөгү эң мыкты кино мектептердин бири болгон Америка Киноискусство институтунун (AFI) бүтүрүүчүсү Гүлжан Токтогул сценарий жазуу боюнча мастер-класс өткөрдү. Мастер-класста Гүлжан Токтогул сценарий жазуунун сырлары, кыргыз тасмаларында аялдардын образы, мыкты сценарий жазуунун сырлары тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

 

Экинчи күн

 

3-декабрь күнү Ош шаары “Семетей” кинотеатрында Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын алкагындагы 9 тасма көрсөтүлдү. Ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин режиссёр менен көрүүчүлөрдүн ортосунда суроо-жооптор орун алды. Көрүүчүлөрдүн арасында мектеп окуучулары, университеттин студенттери жана мугалимдер да катышты.

 

Тасмаларды  “Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын калыстар тобунун мүчөлөрү кинотаануучу Гульбара Толомушова, эколог Абдыжапар Аккулов жана продюсер Асел Умарова тыкыр көрүп, баалап жатышты. 

 

Көрсөтүүлөрдөн кийин Казакстандан келген кинорежиссёр, документалист Жанана Курмашеванын “Азия Оскары” аталган Asia Pacific Screen Awards (APSA) сыйлыгына катышып жаткан “Ата-Мекен” даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң экологиялык маселелери боюнча экологдордун жана кинорежиссёрлордун катышуусунда панелдик талкуу болду.

 

Панелдик талкууда Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү иш-аракеттерин жүзөөгө ашыруу боюнча атайын өкүлү Кемелова Динара Амантурова экология темасында презентация өттү.

 

Үчүнчү күн

 

4-декабрь күнү “Айымдардын көз карашы” программасынын 16 тасмасы “Семетей” кинотеатрында көрсөтүлдү. Ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин режиссёру сахнага чыгып, көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Тасмалар тууралуу чакан талкуулар, суроо-жооптор орун алды.

 

 

Андан соң белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын “А” класстагы Шанхай кинофестивалында Мыкты тасма сыйлыгына татыган “Кара Кызыл Сары” тасмасы көрсөтүлүп, режиссёр жана тасманын тартуучу тобу көрүүчүлөр менен жолугушту. Актан Арым Кубат чыгармачыл тобу менен бирге “Кара Кызыл Сары” көркөм тасмасынын мисалында  “Тасманы тартуу учуру” аталышындагы мастер-класс өткөрдү.

 

Төртүнчү күн

 

Кинофорумдун төртүнчү күнүндө “Кыргызстандын айым-кинематографисттерин изилдөө” долбоорунун презентациясы болуп өттү. Гульбара Толомушова, Адиля Хайбуллина, Енлик Егеубаева, Айзада Амангельды тарабынан жүргүзүлгөн бул изилдөө долбоорунда Гульбара Толомушова, Дальмира Тилепбергенова, Жаңыл Жусупжан жана Асель Жураеванын чыгармачылыгына орун берилип, алар тууралуу изилдөөлөрдүн материалдары тартууланды.

 

Анын артынан театр жана кинонун актрисасы Жаңылай Исакова “Камеранын алдында актёрдун өзүн алып жүрүүсү (Театр менен кинонун айырмасы, минимализмде иштөө, көңүл бөлүү жана ички агым)” аттуу мастер-класс өттү. Мастер-класс актёрдук багытта билим алган студенттер, жаш актёрлор жана режиссёрлор үчүн абдан пайдалуу болду.

 

Мастер-класстан кийин Кинофорумдун катышуучуларына касиеттүү Сулайман-Тоого, Көркөм өнөр музейине экскурсия уюштурулду.

 

Кечки саат 18:00 дө Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун жабылыш аземи болду. Жабылыш аземинде Ош мамлекеттик университетинин чыгармачыл жамааты тарабынан чакан концерттик программа уюштурулду. Кинофорумда көрсөтүлгөн тасмаларга атайын сыйлыктар ыйгарылып, каалоо-тилектер, алкыштар айтылды.“Экологиялык жана социалдык активизм” программасында байгеге ээ болгон тасмалардын акчалай сыйлыктары “Этномедиа” онлайн-кинотеатры тарабынан камсыздалды. Ал эми “Айымдардын көз карашы” программасында байгеге ээ болгон тасмалардын акчалай сыйлыктары “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан берилди. 

Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунда төмөндөгү тасмалар сыйлыктарга, дипломдорго ээ болушту:

 

UNICO PLAY онлайн-кинотеатрынын атайын сыйлыгы - “Балким бир күн сурармын” даректүү тасмасы -  режиссёру Гулжан Иреш, Кыргызстан.

 

“Экологиялык жана социалдык активизм” программасы:

 

Калыстар тобу: Гульбара Толомушова (төрайым), Абдыжапар Аккулов (мүчө), Асел Умарова (мүчө).

 

  I орун (25 миң сом акчалай сыйлык)- “Иттер” даректүү тасмасы, режиссёру Алиман Токтогулова жана Караш Жанышов, Кыргызстан;

 

 

  II орун (15 миң сом акчалай сыйлык) -  “Тоо балдары” даректүү тасмасы,  режиссёру Гулиза Абдыкамилова, Кыргызстан;

 

  III орун (10 миң сом акчалай сыйлык)-   “Билимге болгон чыйыр жол” даректүү тасмасы,  режиссёру Асел Умаралиева, Кыргызстан;

 

  Калыстар тобунун атайын диплому -  “Башталыш” даректүү тасмасы,  режиссёру Гүлкайыр Сайтбурхан кызы, Кыргызстан.

 

“Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын акчалай сыйлыктары “Этномедиа” онлайн-кинотеатры тарабынан берилди.

 

“Айымдардын көз карашы” программасы:

 

Калыстар тобу: Гүлсара Ажыбекова (төрайым), Темир Бирназаров (мүчө), Жаңылай Исакова (мүчө).

 

  I орун (25 миң сом акчалай сыйлык)  -  “Купуялыкты сактап”көркөм тасмасы,  режиссёру Луиза Зарипова, Казакстан;

 

 

  II орун (15 миң сом акчалай сыйлык) - “Directed by Aydana” даректүү тасмасы,  режиссёру Айдай Дүйшөнкул кызы, Кыргызстан;

 

  III орун(10 миң сом акчалай сыйлык) - “Белгисиз жоокер” даректүү тасмасы,  режиссёру Айдай Чотуева, Кыргызстан;

 

  Калыстар тобунун атайын диплому -  “Жетинчи ай” көркөм тасмасы, режиссёру Айзада Амангельды, Кыргызстан.

 

“Айымдардын көз карашы” программасында байгеге ээ болгон тасмалардын акчалай сыйлыктары “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан берилди. 

 

Ош шаарынын мэриясынын мыкты тасма үчүн атайын сыйлыгы:

 

  “Сууга таазим”даректүү тасмасы(25 миң сом акчалай сыйлык)  -  режиссёру Жаңыл Жусупжан, Кыргызстан;

 

  “Алтын балык” көркөм тасмасы(25 миң сом акчалай сыйлык)  - режиссёру Айжамал Мирбек кызы, Кыргызстан.

 

“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун атайын сыйлыгы:

 

  “Уктап калбайлы” көркөм тасмасы (20 миң сом акчалай сыйлык)   – режиссёру Жанел Күжүкпаева, Казакстан.

 

“Мультимедия кыздар” студиясынын техникалык колдоо сыйлыктары:

 

  “Мультимедия кыздар” студиясынын техникалык колдоо сертификаты - “Кыя” тасмасы даректүү, режиссёру Алтынай Адамалиева;

 

  “Мультимедия кыздар” студиясынын техникалык колдоо сертификаты -  “Өтүп кеткен көз ирмемдер” даректүү тасмасы,  режиссёру Салтанат Исманова.

 

Темир Бирназаровдун бир жылдык режиссёрдук курсунда окуу сертификаты:

 

  “Directed by Aydana” даректүү тасмасы,  режиссёру Айдай Дүйшөнкул кызы, Кыргызстан.

 

Ош мамлекеттик университетинин диплому:

 

  “Акыркы тийишүү” көркөм тасмасы -  режиссёру Гүлнара Иванова, Өзбекстан.

 

Мындан сырткары Айым-режиссёрлордун VII эл аралык  Кинофорумунун бардык катышуучуларына катышкандыктары үчүн дипломдор берилди.

 

Ал эми Кинофорумдун өтүшүнө жардам берген Ош мамлекеттик университетинин ыктыярчы студенттерине ыраазычылык каттар ыйгарылды.

 

 

Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофоруму Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жана ОБСЕнин Бишкектеги программалык офисининкаржылык колдоосу, ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин уюштуруу жагынан көмөгү менен өткөрүлдү.

 

Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунда эки программада 25 тасма көрсөтүлдү:

 

  “Айымдардын көз карашы” программасында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан айымдар тарткан 16 тасма көрсөтүлдү.

 

  “Экологиялык жана социалдык активизм” программасында 9 тасма көрсөтүлдү.

 

2016-жылдан бери «Азия чыгармачыл айымдарынын» коомдук фонду жыл сайын режиссёр аялардын тасмаларын көрсөткөн Айым-режиссерлордун эл аралык Кинофорумун өткөрүп келет.

 

Кинофорумубуздун максаты айым-режиссерлорду бир аянтчада чогултуп, бири-бири менен пикир алмашышып, коомдогу актуалдуу проблемалардын үстүндө талкуу кылышып, проблемалардын  чечилиши жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүшүүлөрүнө шарт түзүү болуп саналат.

 

Анткени Кыргызстандагы айым-режиссёрлор өз ара колдоого муктаж. Дегеле кино сферасы жеңил эмес тармак. Ал эми бул чөйрөдө жүргөн аялдарга, айым-режиссёрлорго да алда канча кыйын.

 

Айым-режиссёрлордун эл аралык Кинофоруму режиссёр аялдарга шык берген, алардын башын бириктирген Кыргызстандагы, дегеле Борбордук Азиядагы жалгыз жана алгачкы иш-чара.

 

Кинфорумдун негиздөөчүсү жана директору Асель Жураева.