| 26.11.2025 00:00 | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун пресс-релизи
Слоган: Айымдардын киносу аркылуу экологияны сезүү, келечекти көрүү Күнү: 2-5-декабрь, 2025-жыл Жери: Ош шаары, Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусу (ачылыш жана жабылыш аземи); “Семетей” кинотеатры (тасмаларды көрсөтүү)
2025-жылдын 2-5-декабрь күндөрү Ош шаарында Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофоруму болуп өтөт. Кинофорум актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлсара Ажыбековага арналат. Ошондой эле Кинофорум Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын турмушка ашыруу программасын колдоого жана Эл аралык тоолор күнүнүн урматына арналат. Иш-чара экологиялык жана билим берүү багыттарынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, климат, жаштар жана тоолуу аймактардын өз ара байланышын жактайт.
Быйыл жетинчи жолу уюштурулуп жаткан Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофоруму Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жана ОБСЕнин Бишкектеги программалык офисинин каржылык колдоосу, ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин уюштуруу жагынан көмөгү менен өткөрүлүп жатат.
Быйыл жетинчи жолу уюштурулуп жаткан Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофоруму Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жана ОБСЕнин Бишкектеги программалык офисининкаржылык колдоосу, ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин уюштуруу жагынан көмөгү менен өткөрүлүп жатат.
Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунда эки программада 25 тасма көрсөтүлөт:
1. “Айымдардын көз карашы” программасында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан айымдар тарткан 16 тасма көрсөтүлөт.
2. “Экологиялык жана социалдык активизм” программасында 9 тасма көрсөтүлөт. Быйыл алгач ирет Кинофорумубуздун программасына экология темасындагы фильмдердин программасы кошулуп жатат.
Айым-режиссёрлор тарткан, аялдардын дүйнөгө болгон көз карашынан жаралган тасмаларда, коомдук-социалдык маселелер, анын ичинде аялдардын, балдардын көйгөйлөрү, ошондой эле майып балдардын көйгөйлөрү, гуманизм жана экологияны коргоо темалары терең жана көркөм берилген.
Кинофорум 4 күнгө созулат.
Биринчи күнү (2-декабрь) ОшМУнун конференц залында Кинофорумдун салтанаттуу ачылышы болот. Ачылыштын артынан публицист, журналист Жамбы Жусубалиеванын “Клара Юсупжанова” аттуу китебинин бет ачары болуп өтөт. Китептин бет ачарынан кийин таланттуу жаш сценарист айым, дүйнөдөгү эң мыкты кино мектептердин бири болгон Америка Киноискусство институтунун (AFI) бүтүрүүчүсү Гүлжан Токтогул сценарий жазуу боюнча мастер-класс өткөрөт.
Иш-чаранын экинчи күнүндө (3-декабрь) “Семетей” кинотеатрында “Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын тасмалары көрсөтүлөт. Көрсөтүүлөрдөн кийин Казакстандан келген кинорежиссёр, документалист Жанана Курмашеванын “Азия Оскары” аталган Asia Pacific Screen Awards (APSA) сыйлыгына катышып жаткан “Ата-Мекен” даректүү тасмасы көрсөтүлөт. Андан соң экологиялык маселелери боюнча экологдордун жана кинорежиссёрлордун катышуусунда панелдик талкуу болот.
Кинфорумдун үчүнчү күнү (4-декабрь) “Семетей” кинотеатрында “Айымдардын көз карашы” программасынын тасмалары көрсөтүлөт. Ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөрдүн катышуусунда суроо-жооптор орун алат. Андан соң белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын “А” класстагы Шанхай кинофестивалында Мыкты тасма сыйлыгына татыган “Кара Кызыл Сары” тасмасы көрсөтүлүп, режиссёр көрүүчүлөр менен жолугушат. Актан Арым Кубат кино тартуу учуру боюнча мастер-класс өтөт.
Иш-чаранын төртүнчү күнү (5-декабрь) Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусунда “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун изилдөө долбоорунун презентациясы болуп өтөт. Артынан актриса Жаңылай Исакованын актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класс берет. Андан соң Кинофорумдун салтанаттуу жабылыш аземи болот. Жабылыш аземинде “Айымдардын көз карашы” жана “Экологиялык жана социалдык активизм” программасында көрсөтүлгөн тасмалардын арасынан мыкты деп табылган тасмаларгаКалыстар тобу тарабынан I, II, III орундарга сыйлыктар, дипломдор берилет.
2016-жылдан бери «Азия чыгармачыл айымдарынын» коомдук фонду жыл сайын режиссёр аялардын тасмаларын көрсөткөн Айым-режиссерлордун эл аралык Кинофорумун өткөрүп келет.Кинофорумубуздун максаты айым-режиссерлорду бир аянтчада чогултуп, бири-бири менен пикир алмашышып, коомдогу актуалдуу проблемалардын үстүндө талкуу кылышып, проблемалардын чечилиши жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүшүүлөрүнө шарт түзүү болуп саналат. Анткени Кыргызстандагы айым-режиссёрлор өз ара колдоого муктаж. Дегеле кино сферасы жеңил эмес тармак. Ал эми бул чөйрөдө жүргөн аялдарга, айым-режиссёрлорго да алда канча кыйын. Айым-режиссёрлордун эл аралык Кинофоруму режиссёр аялдарга шык берген, алардын башын бириктирген Кыргызстандагы, дегеле Борбордук Азиядагы жалгыз жана алгачкы иш-чара. Кинфорумдун негиздөөчүсү жана директору Асель Жураева.
“Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын тасмалары:
“Айымдардын көз карашы” программасынын тасмалары:
|


