Фестивали: подача заявок

Открыт приём заявок для участия в МКФ короткого метра Thesan International Short Film Festival, Италия

 

МКФ короткого метра Thesan пройдёт 6 и 7 ноября 2026 года в великолепном театре имени Леи Падовани в Монтальто-ди-Кастро (VT).

Подробнее ...
 

Открыт приём заявок для участия в 23 МКФ в Марракеше

 

Заявляйте Ваши фильмы: открыт приём заявок к участию на 23 МКФ в Марракеше (Марокко), который прройдёт с 20 по 28 ноября 2026 года.

Заявки принимаются до: 31.07.2026

Подробнее ...
 

МКФ в Тампере скоро начнётся принимать заявки

 

57 МКФ в Тампере пройдёт с 10 по 14 марта 2027 года. МКФ короткометражных фильмов в Тампере (Финляндия) - это один из трёх престижных фестивалей короткого метро в Европе после МКФ в Оберхаузене (Германия) и Клермон-Ферране (Франция).

Подробнее ...
 
08.10.2025 00:00

“Жайлоого карай узак жол”: эл аралык ийгиликтерге карай жол уланууда

 

Режиссёр Илгиз-Шернияз Турсунбек уулунун “Жайлоого карай узак жол” аттуу даректүү тасмасы дүйнөлүк кинематография коомчулугунун көңүлүн багынтууну улантууда.

 

“Жайлоого карай узак жол” — даректүү тасмалардын эң абройлуу дүйнөлүк иш-чарасы болгон Амстердам эл аралык даректүү тасмалар кинофестивалынын (IDFA- International Documentary Film Festival Amsterdam)  “Фестивалдардын эң мыктылары” (Best of Fests) аттуу престиждүү программасына тандалып алынганын жанатасманын авторлору аны “Оскар” киноакадемиясынын кыска метраждуу даректүү тасмалар категориясы боюнча сыйлык үчүн кароого жөнөтүшкөнүн маалымдайбыз.

 

 

Тасманын IDFA кинофестивалына тандалып алынышына жана “Оскар” киноакадемиясынын квалификациялык статусуна ээ болушуна, анын 2025-жылдын май айында  Германияда өткөн Оберхаузен кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалында Гран-при жана Түндүк Рейн — Вестфалия федералдык аймагынын Маданият жана илим министрлигинин II даражадагы  сыйлыгы менен сыйланышы жол ачкан. Бул жеңиш кыргыз киносунун Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы тарыхый жеңиши катары бааланган.

 

Аталган ийгиликтер  “Жайлоого карай узак жол” үчүн гана эмес — келечектеги жергиликтүү даректүү долбоорлор үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп ишенебиз. Алар дүйнөлүк кино коомчулугуна  “кыргыз кереметинин” башаты дал ушул документалистикадан башталганын далилдеп, дүйнөнүн кыргыз киносуна болгон кызыгуусунун өсүп жатканын баса белгилейт.

 

Муну менен бирге “Оскар” квалификациясы жана IDFA кинофестивалы режиссёрдун жеке ийгилиги катары гана бааланбастан, жергиликтүү жана жалпы Борбор Азия киносунун тарыхынын маанилүү этабы болуп, ийгиликтерге карай жолдун эми гана башталганын жана алдыда жаңы бийиктиктер, ачылыштар күтүп жатканын айта алабыз.

 

Фильмдин каарманы — Азиз. Ал үй-бүлөсүн багуу үчүн айылдаштарынын малын алып жайлоого чыгат. Жайлоого жетүү үчүн ар кандай кыйынчылыктарды көрүп, турмуш-тиричилик үчүн чыныгы күрөш жүрөт. Адам, жаныбар, табият бири-бирине ылайыкташууга туура келет.

 

Фильм байкоочу ыкмада, ашыкча кийлигишүүсүз тартылып, ага документалдык чындыкты жана өзгөчө көркөм таасирдүүлүктү тартуулайт.

 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылган.