| 07.10.2025 00:00 |
|
Аманбек Ажыматтын “Шерменделик карнавалы” аттуу жаңы тасмасы Таллин шаарында өтө турган “Караңгы түндөр” фестивалынын программасына кирди
Аманбек Ажыматтын “Шерменделик карнавалы” аттуу жаңы тасмасы Эстониянын Таллин шаарында өтө турган “Караңгы түндөр” эл аралык «А» класстагы кинофестивалынын программасына кирди.
Кыргыз кинорежиссёру Аманбек Ажыматтын “Шерменделик карнавалы” аттуу толук метраждуу дебюттук көркөм фильми Эстониянын борбору Таллин шаарында 2025-жылдын 7–23-ноябрында өтө турган дүйнөдөгү эң абройлуу фестивалдардын бири — “Tallinn Black Nights Film Festival” (PÖFF) фестивалынын дебюттук тасмалардын сынак программасына тандалып алынды.
“Backstage Madness” (“Шерменделик карнавалы”) — бул чыгармачылыктагы эркиндикти самаган, продюсердин басымы менен криминалдык кино жазууга мажбур болуп, сценарийди каржылагандарга ылайыктап өзгөртүүдөн тажаган 70 жаштагы режиссердун окуясы тууралуу тасма. Фильм чыгармачылык эркиндик менен коммерциялык талаптардын кагылышын чебер сүрөттөйт.
Тасма TAZAR кинокомпаниясынын базасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу менен тартылган.
Буга чейин Аманбек Ажыматтын кыска метраждуу көркөм жана документалдык тасмалары дүйнөнүн бир катар эл аралык фестивалдарында көрсөтүлүп, өзүнүн өзгөчө визуалдык тили жана гуманитардык, социалдык темаларды ачып бергендиги үчүн жогору бааланып келген.
Tallinn Black Nights Film Festival (PÖFF) — Түндүк Европадагы эң ири кинофестваль жана дүйнөдөгү “А” класстагы (FIAPF – Эл аралык кинопродюсерлер ассоциацияларынын федерациясы тарабынан фестивалдарга берилген эң жогорку категория) фестивалдардын бири. 1997-жылы негизделген бул фестиваль жыл сайын 70тен ашык өлкөдөн келген жүздөгөн тасмаларды көрсөтүп, дүйнөлүк кино аренасында жаңы таланттарды коомчулукка таанытуу жана премьераларды өткөрүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
“Backstage Madness” (“Шерменделик карнавалы”) тасмасынын PÖFF фестивалынын программасына кириши — бул кыргыз киносунун өнүгүшүндөгү жана анын дүйнөлүк деңгээлге чыгуусундагы дагы бир маанилүү кадамдардын бири.
|


