Фестивали: подача заявок

Заявляйте Ваши фильмы к участию на XIII Форуме Молодого кино "Умут"

 

Сроки и место проведения: 03-07.03.2026, Бишкек, Кыргызстан

Заявки от кыргызстанских режиссеров принимаются до 15 февраля 2026 года

Заявки от иностранных режиссеров принимаются до 5 февраля 2026 года

Подробнее ...
 

Заявляйте Ваши фильмы к участию на 38 МКФ в Дрездене, Германия

 

Открыт приём заявок на 38-ой Международный фестиваль короткометражных фильмов в Дрездене открыт. Он пройдёт с 14 по 19 апреля 2026 года. Заявки принимаются до 1 декабря 2025 года. Условия описаны ниже. Принимайте участие и передавайте информацию всем заинтересованным!

Подробнее ...
 

Заявляйте Ваши фильмы к участию на 43 МКФ Фажр, Иран

 

Организаторы 43 МКФ Фажр в Тегеране объявили о приёме заявок. Этот фестиваль пройдёт с 26 ноября по 3 декабря в столице Ирана - Тегеране.

Подробнее ...
 
13.08.2025 00:00

Кыргызстанда жаш даректүү тасма режиссёрлору үчүн интенсив аяктады

 

Жаш даректүү тасма авторлору үчүн уюштурулган алты күндүк өндүрүштүк интенсив 2025-жылдын 7-12-август күндөрү ololoAkJol резортунда болуп өттү.

 

 

Бул программа Президенттин Кыргызстандын улуттук кино индустриясын өнүктүрүү боюнча 2022-жылдын 20-майындагы №159 жарлыгындагы 2-3-беренелериндеги тапшырмаларын аткаруу максатында, «Кыргызфильм» улуттук киностудисынын каржылык колдоосу менен Бишкек даректүү тасмачылар лабораториясы тарабынан ишке ашырылды.

 

   Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы 2022-жылдын 20-майы ПЖ№ 159 Улуттук кино индустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мынданары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө https://cbd.minjust.gov.kg/430936/edition/1169159/kg

 

Алгачкы интенсивге конкурстук тандоонун негизинде тогуз жаш документалист катышты. Комиссия лабораториянын эл аралык устаттарынан, «Кыргызфильм» киностудиясынын жана лабораториянын командасынан куралган. Тажрыйбалуу чет өлкөлүк устаттардын жетекчилиги астында катышуучулар өз долбоорлорун иштеп чыгып, аларды эл аралык аянтка чыгарууга даярдашты. 

 

Программанын максаты режиссерлорго теориялык билимжана, атаандаштык кажөндөмдүү тасмаларды жаратуу үчүн практикалык көндүмдөрдүда үйрөтүү болупсаналат..

 

Программанын эл аралык устаттары:

 

  Марианна Каат (Эстония)— 20 жылдан ашуун тажрыйбасыбар, көп сыйлыктарга ээ болгон режиссёр жана продюсер. Baltic Film Production компаниясынын негиздөөчүсү, Таллинн университетинин доценти жана Doc@PÖFF программасынын куратору. “Life of Ivanna”, “Close Relations”, “Pit No 8” сыяктуу тасмалары дүйнөлүк фестивалдарда сыйлык таргататыган. Charles E. Guggenheim Emerging Artist Award жана European Trailblazer (MIPDOC Cannes) наамдарынын ээси.

 

Марианна Каат

 

  Катерина Суворова (Казакстан)— Борбор Азиядагы экологиялык жана маданий өзгөрүүлөрдү изилдеген социалдык маанилүү тасмалардын автору. “Sea Tomorrow” (Арал деңизи жөнүндө) Netflix Europe платформасында көрсөтүлгөн, “Face The Music” Казакстандакеңири прокатка чыккан. “Qoryqpa: Streets Loud With Echoes” фильми 2024-жылы Hot Docs фестивалында көрсөтүлгөн. Tihiy Svet ательесинин негиздөөчүсү жана QAZDOC биргелешүү уюмунунтең-куруучусу.

 

Катерина Суворова

 

  Аскольд Куров— даректүү тасма режиссеру жана продюсери, Un/Filmed онлайн-кино мектебинде окутуучу, Америкалык теле берүүак адемиясынын мүчөсү, Берлинале жана Сандэнс сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги абройлуу кинофестивалдарына катышкат долбоорлорду жетектеген. Анын тажрыйбасы даректүү тасма тартуунун бардык аспектилерин камтыйт: изилдөөдөн жана алдын ала даярдыктантартып, пост-продакшнга жана дистрибуцияга чейин.

 

Аскольд Куров

 

Bishkek Documentary Lab (https://bishdoclab.tilda.ws/) жаш авторлорго эл аралык стандарттарды үйрөтүп, киноиндустриядагы кесип көйлөрменен байланыш түзүүгө жардам берет. Кийинки этабында а катышуучулар алты айлык устаттык программага өтүшөт. Алар ай сайын кеңеш алып, долбоорлорун тизер менен коштолгон инвестициялык пакетке чейин жеткиришет.

 

   «Биз Кыргызстанда дүйнө менен бир тилде сүйлөөгө даяр жаңы муундагы даректүү тасма авторлорунун пайда болуп жатканын көрүп турабыз. Бул интенсив — жөн гана тартуу жана монтаж жөнүндө эмес, бул өзүнө ишенүү, байланыштар жана эл аралык аренада өзүңдү таанытуу мүмкүнчүлүгү тууралуу», — деди Bishkek Documentary Lab’ дын жетекчиси Адилет Каржоев.

 

 

Проект “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын каржылык колдоосу жана Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) өнөктөштүгү менен ишке ашууда.

 

IG: https://www.instagram.com/bishdoclab/