Фестивали: подача заявок

Кыргызский Оскаровский комитет объявляет о начале приёма заявок

 

Кыргызский Оскаровский комитет объявляет о начале приёма заявок для участия в национальном отборе фильма, который представит Кыргызскую Республику в категории «Международный полнометражный фильм» 99-й премии «Оскар®» Американской академии кинематографических искусств и наук.

Подробнее ...
 

Заявители проектов на участие в альманахе "Мой Айтматов", приглашаются в Дом Кино

 

День и время встречи: 16.07.2026 в 12:00 полдень
Место встречи: Дом кино, Логвиненко, 13, Бишкек
Подробнее ...
 

Открылся приём заявок для создания альманаха "Мой Айтматов", посвящённый 100-летию писателя

 

К конкурсу приглашаются молодые кыргызские режиссёры: примите участие в создании киноальманаха "Мой Айтматов", который будет состоять из 10 новелл по 10 минут каждая.

Подробнее ...
 
29.03.2025 00:00

«Ыйлаба, Носорог!» тасмасы XII Эл аралык «Үмүт» жаш киночулардын форумунун ачылыш аземинде көрсөтүлөт
 

Ачылыш аземи 2025-жылдын 11-апрелинде «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт.

Башталышы: 14:00.

 
 

Продюсер Мария Абакирова 80 жашта – «Ыйлаба, Носорог!» тасмасына 30 жыл.

 

«Ыйлаба, Носорог!» тасмасы XII Эл аралык «Үмүт» жаш киночулардын форумунун ачылыш аземинде көрсөтүлөт.

 
 

«Ыйлаба, Носорог!» / «Не плачь, Носорог!» / «Don't Cry, Rhinoceros!»

 

Өндүрүш:«Маек-фильм», Кыргызстан, 1994, 30 мүн., 35 мм.
Тасманын түрү: Кыска метраждуу көркөм тасма
Жанр: Драма
Продюсерлер: Пётр Елиференко, Мария Абакирова
Сценарийдин автору жана режиссер: Темирбек Бирназаров
Оператор: Сапар Койчуманов
Сүрөтчү: Шарип Жайлообаев
Фотосүрөтчү: Эркин Болжуров
Монтаж: Алибек Манкулов
Башкы ролдо: Кубанычбек Касмакунов

Режиссердук топ: Чолпон Алимбаева, Татьяна Ларина
Оператордук топ: Канат Сартов, Михаил Петров, Аркадий Ефимович
Жарык берүүчү: Сапарбек Султаналиев

 

Фестивалдар жана сыйлыктар:

 

 ● «Күмүш Амфора» кубогу – Кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалы, Монтекатини Терме, Италия -1995

 ● FIPRESCI сыйлыгы жана Жаштардын атайын сыйлыгы – Клермон-Ферран эл аралык кинофестивалы, Франция - 1995

 ● Вилла До Конде шаарындагы эл аралык кинофестивалдын Дипломунун жеңүүчүсү, Португалия – 1995

 ● Тасма Германия, Франция, Түркия жана Россиядагы эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлгөн.

 

Темасы:

Гендердик теңсиздик шартында энелик инстинкттин деформацияланышы.

 

Синопсис:

Фильмдин башкы каарманы - кичинекей бала Бишкек шаарынын Эмен паркындагы «Акыркы көз жаш» скульптуралык композициясындагы чоң носорог сыяктуу эле жалгыз. Ал чопо чоор (кыргыз элинин үйлөмө аспабы) менен муңдуу күү чалып, апасына жолугууну кыялданат. Бала көп учурда досторуна кошулбастан, өзүнүн - жалгыз гана ага түшүнүктүү дүйнөсү менен жашайт.

 

«Ыйлаба, Носорог!» – белгилүү кинорежиссер Темирбек Бирназаровдун дебюттук тасмасы.

 

Алма-Ата театр жана көркөм өнөр институтунун (азыркы Т. Жургенев атындагы Казак улуттук искусство академиясы) бүтүрүүчүсү. Ушул ийгиликтүү дебюттук тасмасынан кийин ал көптөгөн даректүү жана көркөм тасмаларды тарткан, алардын эң белгилүүлөрү: «Шайтан көпүрө», «Жайык», «Парз», «Белгисиз маршрут», «Түнкү кырсык», «Кумар».