Фестивали: подача заявок

Открыт приём заявок для участия в МКФ короткого метра Thesan International Short Film Festival, Италия

 

МКФ короткого метра Thesan пройдёт 6 и 7 ноября 2026 года в великолепном театре имени Леи Падовани в Монтальто-ди-Кастро (VT).

Подробнее ...
 

Открыт приём заявок для участия в 23 МКФ в Марракеше

 

Заявляйте Ваши фильмы: открыт приём заявок к участию на 23 МКФ в Марракеше (Марокко), который прройдёт с 20 по 28 ноября 2026 года.

Заявки принимаются до: 31.07.2026

Подробнее ...
 

МКФ в Тампере скоро начнётся принимать заявки

 

57 МКФ в Тампере пройдёт с 10 по 14 марта 2027 года. МКФ короткометражных фильмов в Тампере (Финляндия) - это один из трёх престижных фестивалей короткого метро в Европе после МКФ в Оберхаузене (Германия) и Клермон-Ферране (Франция).

Подробнее ...
 
28.02.2025 00:00

“Амантай менен Айтуяк” жана “Быйтыктар” аттуу анимациялык мультсериалдардын бет ачары өттү 
 

27-февралда 2025 ж. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен тартылган “Амантай менен Айтуяк” жана “Быйтыктар” аттуу анимациялык мультсериалдардын бет ачар аземи болду.

 
 
 

Алгач уюштуруучулар аземге келген кичинекей конокторду ата-энелери менен бирге тосуп алып, аниматорлордун коштоосунда оюн-зоок (аквагримм, инсталаб; кенди-бар) өткөрүштү.

 

Аземге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, “Карек” балдар кино фондусунун негиздөөчүсү, анимациялык долбоорлордун көркөм жетекчиси Айбек Дайырбеков катышып, сөз сүйлөштү.

 

Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө бул чыгарма – улуттук баалуулуктарды, кыргыз элинин маданий мурасын жана салттуу нарк-насилдерин заманбап технологиялардын жардамы менен даңазалоого багытталган ири эмгектердин бири болгонуна токтолуп, дүйнө жүзүндө мультфильмдер жаш муундардын тарбияланышында жана дүйнө таанымын калыптандырууда чоң ролду ойнорун, бул эмгек – анимация тармагында кыргыз тилинде оригиналдуу контент түзүүгө болгон умтулуубуздун бир далили экенин баса белгиледи.

 

Иш-чаранын аягында “Амантай менен Айтуяк” жана “Быйтыктар” анимациялык тасмалары жөнүндө кыскача видео-баяндама, “Быйтыктар” анимациялык тасмасынын 2 сериясы, “Амантай менен Айтуяк” анимациялык тасмасынын 2 сериясы көрсөтүлдү.

 

 

 

 

 

Аземге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев

 

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева

 

“Карек” балдар кино фондусунун негиздөөчүсү,

анимациялык долбоорлордун көркөм жетекчиси Айбек Дайырбеков

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги