Фестивали: подача заявок

«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси тик форматтаны сериалдар сынагын жарыялайт
 
“Кыргызсериал” мамлекеттик мекемеси кыргыз тилиндеги заманбап санарипти квидеоконтентти өнүктүрүү жана чыгармачыл жаштарды колдоо максатында тик форматтагы сериалдарды тартуу боюнча расмий сынак жарыялайт.
Подробнее ...
 

«Кыргызсериал» объявил новый конкурс (2026)
 
Госучреждение «Кыргызсериал» объявило конкурс на создание сериалов в вертикальном формате для развития современного цифрового видеоконтента на кыргызском языке и поддержки творческой молодёжи.
Подробнее ...
 

II Международный кинофестиваль научно-популярного и просветительского кино «Сулайман-Тоо»
 

Даты проведения фестиваля: 7–9 октября 2026 года

Место проведения фестиваля: Ош, Кыргызстан

Подробнее ...
 
25.01.2025 00:00

"Тарталы" чыгармачыл тобу алгачкы иш-чарасына чакырат!
 

Качан: 25-январь, 2025-ж.
Саат канчада: 14:00
Кайда: Ч. Айтматова ат. Кино үйү, Я. Логвиненко көч. 13

 

2025-жылдын 25-январында Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Кыргызстандагы жаш кинематографисттерден түзүлгөн “Тарталы” тобунун эки жылдык эмгегинин жыйынтыгын чыгаруучу иш-чара өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө топтун чыгармачылыктагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берилип, кинонун атмосферасына сүңгүү менен жаңы кызматташуулардын перспективалары ортого коюлат.

 
 

Иш-чаранын программасы:


"Тарталы" тобунун эки жылдык ишмердүүлүгүнүн отчёту. Топтун кантип, кандай максаттар менен пайда болгонун, бул убакыт аралыгында жетишкен ийгиликтерин биле аласыздар.

 

"Эл арасында" даректүү киноальманахынын бет ачары жана талкуусу.

 

Сиздерге Кыргызстандагы ар кайсы аймактарда тартылган 9 тасмадан турган альманах сунушталат. Режиссёрлор менен болгон талкуу тасмалардын дүйнөсүнө дагы да сүңгүп кирүүгө жардам берет.

 

Чай-пай.
 

Кино үйүнүн жылуу атмосферасында жаңы идеялар жана тажрыйбалар тууралуу сүйлөшүүлөр жана талкуулар.

 

Алдыдагы долбоорлордун питчинги.
 

"Тарталы" тобунун катышуучулары ишке ашырууга даяр болгон жаңы идеялары менен бөлүшүшөт.

 

Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат.

 

Долбоор "БАШАТ" Эл аралык стипендиялык программасынын алкагында "Тарталы" коомдук фондунун, Дүйнөлүк түптүү элдердин аксакалдар кеңешинин(WUISP)жана "Арга Билиг" ассоциациясынын  колдоосу менен ишке ашууда.

 

"БАШАТ" программасынын максаты - бул чыгармачыл жаштардын өз маданиятын жана тамырын таануудагы аракетин колдоо, муундар аралык мамилени бекемдөө, өлкөнүн маданият жана искусство жаатында социалдык жактан жоопкерчиликтүү чыгармачыл кызматташууларды калыптандыруу болуп саналат.

 

Кошумча маалымат үчүн:
 

E-mail: Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript

 

+996 556 44 05 43 Тыныстан Темиржан – “Тарталы” тобунун мүчөсү

 

+996 551 548 549 Миррахим Опош – “Башат” стипендиялык программасынын координатору