Фестивали: подача заявок

Alternativa приглашает принять участие в кинолаборатории Impact Distribution Lab

 

Крайний срок: 30.09.2025

Заявляйте Ваши проекты!

Подробнее ...
 

Almaty Series Festival и Series Mania открывают новые горизонты

 

Алматы, Казахстан / 22-26 сентября 2025 года

Пожалуйста, заявляйте Ваши проекты!

Подробнее ...
 

В 2026 году Alternativa Film Festival пройдет в Колумбии 

 

Приглашаются фильмы из Центральной Азии.

 

Благодаря новой награде для полнометражного фильма из фокусного региона, которым в этом году стала Латинская Америка, число фестивальных наград увеличится до 7, а его призовой фонд вырастет до $120,000. Прием заявок на участие в Alternativa Film Festival 2026 продлится с 10 июня по 10 октября 2025 года. В конкурсную программу приглашаются полнометражные фильмы любого жанра из Азии, в том числе стран Центральной Азии, и Латинской Америки. Короткометражные фильмы принимаются  только из Латинской Америки.

Подробнее ...
 
19.12.2024 00:00

Жыргалбек Дүйшеев. Некролог

 

Кыргыз киносу оор жоготууга учурады.
Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында көптөгөн белгилүү тасмалардын өндүрүшүн жетектеген, кыргыз киносунун өнүгүүсүнө зор салым кошкон Дүйшеев Жыргалбек Курманалиевич 2024-жылдын 18-декабрында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

 

 

Дүйшеев Жыргалбек Курманалиевич 1962-жылы төрөлгөн. 1983-1984-жылдары, №1-кесиптик окуу жайында киномеханик адистигин аяктаган. Ал Кыргызфильмде 1984-жылдан бери эмгектенген. Анын кинодогу алгачкы жолу 1986-жылы режиссер Н.Разаковдун “Ногдаун” аттуу толук метраждуу көркөм тасмасында үн оператору катары баштаган.


Ж. Дүйшеев кыргыздын белгилүү режиссеру Актан Арым Кубаттын ”Беш кемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр” тасмаларында, режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Ууру сүйүү”, “Боз салкын”, режиссер Руслан Акундун “Апамды издеп”, “Салам, Нью-Йорк!” тасмаларынын директору болуп эмгектенген. Андан сырткары Бакыт Карагулов, Марат Сарулу, Артыкпай Сүйүндүков, Дальмира Тилепбергенова, Руслан Акун, Айбек Дайырбеков, Наргиза Маматкулова, Мирлан Абдыкалыков, Тынчтык Абылкасымов ж.б. көптөгөн белгилүү режиссерлор менен иштешип, кинематографиянын жаш муунун тарбиялап өстүрүүгө аракет кылып келген.


“Кыргызфильм” киностудиясында өндүрүлгөн тасмаларда тасма директору катары өмүрүнүн акырына чейин талыкпай эмгектенген Жыргал Дүйшеев, улуттук кино тармагында гана эмес, эл аралык деңгээлдеги кинокомпаниялар жана режиссерлор менен кызматташып, Кыргызстандын кинематографиясын дүйнөгө таанытууга өз салымын кошкон чыгармачыл инсан болуп эсептелет.

 

Жыргалбек Дүйшеев чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук кино тармагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн “Кыргыз киносунун отличниги” төш белгиси менен, Кинематография департаментинин “Ардак грамотасы”, Кыргыз Республикасынын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

Өзүнүн ишине болгон жоопкерчилиги, кесипкөйлүгү жана адамкерчилиги менен Жыргалбек Дүйшеев кесиптештеринин арасында терең урматка ээ болгон. Ал жетекчилик кылган тасмалар кыргыз элинин турмушун, маданиятын жана каада-салтын дүйнөлүк деңгээлде чагылдырган чыгармалар катары бааланып келет.

Анын жаркын элеси кыргыз искусствосунун тарыхында жана аны менен иштешкен кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Кыргыз кино коомчулугу, Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы кесиптешибиз Дүйшеев Жыргалбек Курманалиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Кыргызфильм киностудиясы