Фестивали: подача заявок

Национальная премия «ҮРКЕР» - 2024» : начался прием заявок

 

Министерство культуры и информации РК объявляет старт приема заявок на соискание Национальной премии «ҮРКЕР» - 2024» в области печатной, радио и интернет – журналистики.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs Impact Lab программасына катталууну жарыялайт

 

Дедлайн: 05.08.2024. Impact Lab чыгармачыл кинолабораториясы 26-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкекте (Кыргызстан) өтөт.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs объявляет набор  на программу Impact Lab

 

Дедлайн: 05.08.2024. Творческая кинолаборатория Impact Lab пройдет с 26 сентября по 1 октября в Бишкеке (Кыргызстан).

Подробнее ...
 
05.06.2024 00:00

Экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалы: пресс-релиз

 

Борбор Азиянын тасмалары биринчи жолу бир аянтчада ат салышат. Бишкек эл аралык кинофестивалы 2024-жылдын 11-июнунан 15-июнуна чейин Бишкекте экинчи жолу өтөт.

 

Бул жылы фестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бишкек мэриясынын колдоосунда уюштурулууда. Кинофестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык коноктор жана 200гө жакын киноматографисттер келет. Кинофестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлүп, 6 мастер-класс жана

байге фонду бар питчинг уюштурулат.

 

Промо-ролик

 

Ошондой эле кинофестивалдын программасында эл аралык жана Борбор Азия сынактары, «Ретроспектива» программасынын тасмаларын көрсөтүү, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген киноматографисттердин жана маданият ишмерлеринин катышуусунда панелдик талкуулар каралган.

 

Борбор Азия сынагынын сынактык программасына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын киноматографисттеринин 11 тасмасы көрсөтүлөт.

 

Эл аралык сынакта 8 тасма ат салышат.

 

Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган ретроспективдүү тасмалар көрсөтүлөт. Анын негизги милдети – 1920-жылдардагы окуялар биздин классикалык кинематографияда кандай чагылдырылганын көрсөтүү. Төрт тасма көрсөтүлөт:

 

Мелис Убукеевдин «Тайгак кечүү» (1964) тасмасы — Кыргызстандын тарыхындагы тарыхый бурулуш учурун чагылдырган кыргыз киносунун туу чокуларынын бири.

 

Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» (1965) тасмасында Совет бийлигинин орношунун тарыхы трагедиялык ачкычта кайра каралат.

 

Төлөмүш Океевдин «Отко таазим» (1971) тасмасы 1920-жылдардын аягындагы окуяларга жана кыргыздын алгачкы комсомолдорунун бири Уркуя Салиеванын тагдырына арналган.

 

Валерий Виленский менен Константин Орозалиевдин «Айланпа. Дүйнө өз айланасында» (1989) көркөм-публицистикалык документалдуу тасмасында Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянынын призмасы аркылуу тарыхыбыздын жүрүшү көрсөтүлөт. Тексттин автору жана үн коштоочу Чыңгыз Төрөкулович өзү болгон.

 

 

 

Питчинг – инвестиция табуу максатында кинодолбоорду презентациялоо. Питчингдин катышуучулары өз долбоорлорун дүйнөлүк кинопродюсерлерге, дистрибьюторлорго жана тармактык эксперттерге көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан) 11 долбоор тандалып алынган. Жеңүүчүгө 300 000 сом сыйлык ыйгарылат. Биринчи Бишкек кинофестивалынын питчингинин жеңүүчүлөрү 77-Канн кинофестивалынын алкагында «Борбор азиялык биргелешкен продюсердик студиясынын» «Pay the bill» жана «A Leg» кинодолбоорлорун көрсөтүштү.

 

Кинофестивалдын алкагында 6 мастер-класс өткөрүлөт.

 

Дубляж актеру Александр Носков бул үн коштоо кесиби тууралуу кенен айтып берет. Носковдун үнү менен орус тилинде «Бошотулган Джанго» тасмасындагы Джанго, «Шоушенктен качуу» тасмасындагы Рэд жана башка көптөгөн каармандар сүйлөшөт.

 

Вьетнамдык кинооператор Линь Дан «Мен аялмын жана мен кинооператормун» мастер-классын өткөрөт. Ал аял оператор катары кинодогу тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаңы кесип тууралуу жакшыраак билүүнү каалагандар үчүн пайдалуу жөндөмдөрдү көрсөтөт.

 

«Бул күлкүлүү эмес! Же биринчи комедиялык сериалымды кантип жаздым» мастер-классын сценарист жана креативдүү продюсер Сергей Пекин өткөрөт. Пекин көптөн бери өз сериалын тартууну кыялданып жана пландап жаткандарды мастер-класска чакырат. Анда катышуучулар сериалдарды жаратуунун ар бир этабы тууралуу жана

башталгыч адис бул жолдо кандай кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн экенин биле алышат.

 

«Ышкыбоздор студиясынан эл аралык продакшн компанияга чейинки» жолду кантип басып өтүү керектигин 1.1 Студиясынын продюсерлери Асхат Табалдиев жана Бахтияр Матянью мастер-класста айтып беришет.

 

КИА (Креативдүү индустриялар ассоциациясы) мастер-классы. Бул мастер-класста КИАга кирүүнүн артыкчылыктары, ошондой эле жөнөкөйлөштүрүлгөн жана жеңилдетилген салыктар тууралуу билүүгө болот.

 

Кыргызпатент интеллектуалдык менчик объектилерин каттоонун өзгөчөлүктөрү жана автордук укук ээлеринин түрлөрү боюнча мастер-класс өткөрөт.

 

 

Бишкек эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 2023-жылдын 17-21-ноябрында өткөрүлүп, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Анын алкагында Түрк киносунун жумалыгы, Айтматовдун илимий-практикалык форуму, Борбор Азия тасмаларынын презентациясы, эл аралык жана улуттук көркөм тасмалардын сынактары сыяктуу бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлгөн.

 

Бишкек эл аралык кинофестивалы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2022-жылдын 20-майындагы No 159 «Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда жана ал 2024-жылдан тарта жыл сайын июнь айында өткөрүлөт.

 

Бишкек эл аралык кинофестивалы маданий жана абройлуу эл аралык масштабдагы иш-чара катары иштелип чыккан. Ал кино тармагындагы кесипкөйлөрдү бириктирүү, жаңы биргелешкен эл аралык кино долбоорлорду түзүү, дүйнөлүк киноиндустриянын көңүлүн Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек шаарына, ошону менен бирге жалпы эле Борбор Азия аймагына бурдуруу үчүн эффективдүү жана индустриалдык аянтча.