Фестивали: подача заявок

Заявляйте Ваши фильмы к участию на 38 МКФ в Дрездене, Германия

 

Открыт приём заявок на 38-ой Международный фестиваль короткометражных фильмов в Дрездене открыт. Он пройдёт с 14 по 19 апреля 2026 года. Заявки принимаются до 1 декабря 2025 года. Условия описаны ниже. Принимайте участие и передавайте информацию всем заинтересованным!

Подробнее ...
 

Заявляйте Ваши фильмы к участию на 43 МКФ Фажр, Иран

 

Организаторы 43 МКФ Фажр в Тегеране объявили о приёме заявок. Этот фестиваль пройдёт с 26 ноября по 3 декабря в столице Ирана - Тегеране.

Подробнее ...
 

Фестиваль независимого кино в Лондоне SIFFA 2025: ищет программного директора!

 

В этом году Фестиваль независимого кино в Лондоне SIFFA празднует 10-летний юбилей. Фестиваль пройдёт в самом сердце Лондона - в престижном Piccadilly Vue Cinema. Европейские звёзды и режиссеры окунутся в магическую атмосферу канун Рождества.

Подробнее ...
 
27.02.2024 00:00

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

 

 

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын планында көрсөтүлгөн тематикага туура келген;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-2027-жылдарга улутгук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын планында көрсөтүлгөн тематикага туура келген;
  • Кара-кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгынын тематикасына туура келген;
  • 202I-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын тематикасына туура келген.

 

СЦЕНАРИЙДИН ИЧИНЕ ТӨМӨНКҮЛӨР КАМТЫЛАТ:

 - сунуштама;

 - логлайн;

 - синопсис;

 - сценарий;

 - автордунаты-жөнүжана байланыш телефону/электрондук почтасы.

 

Катышуучулардын категориясы:


Сынакка тажрыйбалуу жаратмандар менен катар, чыгармачылыкка жаңы аралашып жүргөн драматург, сценаристтер катыша алат.


Талаптар:
Сынакка катышып жатканчыгарма кыргыз жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама -каршы келбеши керек.
Ошондой эле ал чыгарма, мурда эч жерде жарыяланбаган болууга тийиш;


Форматы- стандарттуу. Шрифт- Times New Roman, размер-14, саптардын ортосундагы интервал-1;

 

Керектелүүчү документтер:


•Сериалдын тритменди, титулдук барак (аты, жанр, максаттуу аудиториясы, сериялардын саны) жалпы концепциясы, 1- сериянын сценарийи, бардыгы: 7 экземплярдан;

• Катышуучу тууралуу толук маалымат (резюме): автордун билими, тажрыйбасы жана фильмографиясы (кайсы тасмада эмне кызматат карган);

Аталган документтер конвертке бекитилип, “Сынакка” деген жазуусу менен төмөндөгү көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлүшү керек.
 

Интеллектуалдык менчик:
Сынактын катышуучулары жиберилген сценарийге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.

 

Сынактын баалоо критерийлери:

•Нарк туулук, салттуу тарбиялык, адеп-ахлактык жана мекенчилдик сыяктуу баалулуктарга карата өзгөчөлүгү;
•Коомдук саясий мамилелердин бир беткей кызык чылыктарына жол берилбеши керек;

 

Сынакка келип түшкөн сценарийлер жана документтер“ Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк Бирикмесинин Көркөм Кеңеши тарабынан каралат жана алар кайракай тарылбайт.

 

Сынакка өткөрүү мөөнөттөрү:

Сынак: 2024-жылдын 1– мартынан 30- майга чейин жүргүзүлөт.
Кабылалуу саат 10:00-18:00 чейин.

Дареги:
Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти- 1с 2

“Кыргызсериал”  ЧӨБ мамлекеттик мекемеси

 (3-кабат, 318-319 каб)

 

Электрондук дарек: Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript   ,   Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript

 

Байланыш телефону: 0 (312) 54-57-61