Фестивали: подача заявок

Национальная премия «ҮРКЕР» - 2024» : начался прием заявок

 

Министерство культуры и информации РК объявляет старт приема заявок на соискание Национальной премии «ҮРКЕР» - 2024» в области печатной, радио и интернет – журналистики.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs Impact Lab программасына катталууну жарыялайт

 

Дедлайн: 05.08.2024. Impact Lab чыгармачыл кинолабораториясы 26-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкекте (Кыргызстан) өтөт.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs объявляет набор  на программу Impact Lab

 

Дедлайн: 05.08.2024. Творческая кинолаборатория Impact Lab пройдет с 26 сентября по 1 октября в Бишкеке (Кыргызстан).

Подробнее ...
 
14.11.2023 00:00

Биринчи Бишкек эл аралык кинофестивалы: Түрк кино жумалыгы

 

Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында "Түрк кино жумалыгы" өтөт.

Ардактуу конок: Түркан Шорай

 

 

Жумалыктын ачылыш аземи 18- ноябрда Кыргыз-Түрк Манас университетинде болуп, ага фестивалдын башкы сыйлуу коногу болгон белгилүү актриса Түркан Шорай жана режиссёр, продюсерлер дагы катышат.

 

Ал эми тасмалар 18-21-ноябрь күндөрү Манас кинотеатрында көрсөтүлөт. Алардын баары 2021-2023-жылдары тартылып, учурда Түркияда прокатта болгон жана бир топ абройлуу фестивалдарда сыйлыкка татыган кинолор. Ар бир тасмада баарыбыз эле ар түрдүү сериалдардан тааныган кино чеберлери ойнойт.

 

Бул эмгектер сүйүүдөн баштап, тарых, миграция жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелерине чейинки олуттуу тематикаларды камтыган.

 

Баарыңыздарды түрк тасмаларын көрүп кетүүгө чакырабыз. Кирүү акысыз.

 

 

 

 

АКЫРКЫ КЕЧКИ ТАМАК-2023

 

РежиссерЛевент Онан

ПродюсерСелим Тунжер

Сценарист: Айла Хажыогуллары, Вилмер Өзчынар 

АктёрлорОнур Туна, Пелин Акил, Энгин Шенкан, Азра Аксу, Нежим Мемили.

 

Тасмада Түркия Республикасынын түзүлгөнүн жарыялоодон мурунку 1923-жылдын 28-октябрында Анкарадагы Чанкая өкмөт сарайынынын ашканасында жекшемби күнү жана кечинде болгон бир күндүк окуялар чагылдырылган. Сарайдын үстүнкү кабатында жаңы бийликтин түзүлүшү боюнча талкуулар жүрүп, эртеси күнү Республика жарыяланат. Ал эми алдыңкы кабаттагы ашканада тарыхый ирмемдерге күбө болгон ашпозчулардан жардамчыларга чейинки сарайдын кызматкерлеринин кайгылуу жана бактылуу мүнөттөргө толгон бир күнү сүрөттөлөт.

 

БЕРИЛГЕНДИК ХАСАН – 2021

 

Режиссёр: Семих Капланоглу

Продюсер: Фуркан Йешилнур, Семих Капланоглу

Сценарист: Семих Капланоглу

Актёрлор: Умут Карадаг, Филиз Бозок, Махир Гүнширай.

 

Тасма, өтмүшүнө байланып жашаган бир адамдын жашоосун чагылдырат. Башкы каарман Хасан жубайы Филиз менен бирге турмуштун оош-кыйышын көрүп, башкалардын эмес өзүнүн каалоосуна жараша жашайт. Ал атасынан мураска калган жемиш бак менен помидор айдалган талааны иштетүү менен жан багат. Ажылыкка баргысы келген жубайлар, акыры жашы кабар алып даярдана башташат. Бирок бул аралыкта Хасан жашоосун түзгөн баалуулуктар жана аракеттер менен жүздөшө баштайт.

 

ЭФЛАТУН - 2022

 

Режиссёр: Жүнейт Каракуш

Продюсер: Жүнейт Каракуш

Сценарист: Жүнейт Каракуш

АктёрлорИрем Хелважыоглу, Керем Бурсин, Назан Дипер, Эрман Окай, Йылдыз Күлтүр, Мелиса Акман, Семиха Безек, Хайдар Коел, Нагихан Гүркан, Роза Челик.

 

Тасмадагы башкы каарман Эфлатун  бала кезде көзү азиз болуп калат жана дүйнөнү атасы үйрөткөндөй көлөкө жана үндөр аркылуу тааный баштайт. Бир жамгырлуу күндө ага кол чатырын аманат кылып кеткен бейтааныш кишини үнүнөн улам жактырып калат жана анын келишин күтө берет. Ал эми экинчи башкы каарман болсо  35 жаштагы Адем жана ал кол чатыр чыгарган фабрикада жумушчу. Энеси менен чогуу жашаган Адемдин жашоосу бейтааныш аялдын жүзүн бир көрүп эле жактырып калышы менен өзгөрөт.

 

БУУДАЙ ДАНЫ – 2022

 

Режиссёр: Доган Үмит Каража

ПродюсерМерт Тимучин Алтун

Сценарист: Волкан Капкын

Актёрлор: Кутси, Йелиз Аккая, Дениз Арна

 

“Буудай данында” учурдагы түрк парламентинин депутаты Серкан Байрамдын өмүр-таржымалы баяндалат. Ал наристе кезинде буудай талаасында чыккан өрттө оор жаракат алып, эки колунан ажырап калган. Турмуштун оор сыноолорун башынан өткөргөн Серкан Байрам буга чейин бир топ коомдук уюмдардын өкүлү болгон бир адвокат, жубай жана ата.  Ал өмүр бою мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дуушар болгон коомдун обочолондуруу мамилесине жана адилетсиз аракеттерге каршы күрөшүп келет.

 

49 ФИЛЬМИ – 2023

 

РежиссёрХакан Инан

Продюсер: Мехмет Жанполат, Сади Жанполат

Сценарист: Барыш Эрдоган, Илкер Арслан

Актёрлор: ИсмаилХажыоглу, Ханде Догандемир, Синан Тузжу, Догукан Полат, Хасан Күчүкчетин, Керем Алышык.

 

“49” тасмасында  Түркиянын тарыхында болгон чыныгы согуштук окуя баяндалат. Анда экстремисттик диний уюм катары Кыргызстанда тыюу салынган “Ирак, Шам Ислам Мамлекетинин” (ИШИМ) 2014-жылы Ирактын Мусул шаарындагы түрк консулдугуна кол салып, 49 кишини барымта алуусу жана алардын Түркиянын улуттук чалгындоо башкармалыгынын чалгынчылары тарабынан куткарылышы чагылдырылган.

 

БИР ТУТАМ ГВОЗДИКА - 2022

 

Режиссёр: Бекир Бүлбүл

Продюсер: Халил Кардаш

Сценарист: Бекир Бүлбүл, Бүшра Бүлбүл

Актёрлор: Демир Парсжан, Шам Шериф Зейдан, Йигит Эге Язар.

 

Тасмада мурунку качкын Муса небереси менен чогуу көз жумган жубайынын жансыз денесин Түштүк-чыгыш Анадолунун кардуу жана жымжырт жолдору аркылуу өзүнүн мамлекетине алып баруудагы көрүнүштөр орун алат. Алар согуш абалындагы өлкөнүн чек арасына жакындаган сайын сапарлары оорлошот. Акырында полиция тарабынан кармалып “үчөө” үч башка жолго түшүүгө аргасыз болушат.

 

РАФАДАН ТАЙПА –ГАЛАКТИКАЛЫК ТАЙПА -2023 (ЖАШ БАЛДАРГА АРНАЛГАН АНИМАЦИЯЛЫК ТАСМА)

 

Режиссёр: Исмаил Фидан

Продюсер: ИсмаилФидан

Сценарист: Озан Живит

 

Рафадан тайпа-Галактикалык тайпа –режиссёр Исмаил Фидандын жаш балдарга арналган көп сериалдуу анимациялык “Рафадан тайпа” мультсериалынын үчүнчү тасмасы. Ал 2023-жылдын башында чоң экранга чыгып, жаш көрөрмандардын сүймөнчүгүнө айланган. Тасмада башкы каармандар Акын менен Хайри алар менен байланышка чыккан чоочун планеталыктарга жардам берүүгө аракет кылышат.