Фестивали: подача заявок

Национальная премия «ҮРКЕР» - 2024» : начался прием заявок

 

Министерство культуры и информации РК объявляет старт приема заявок на соискание Национальной премии «ҮРКЕР» - 2024» в области печатной, радио и интернет – журналистики.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs Impact Lab программасына катталууну жарыялайт

 

Дедлайн: 05.08.2024. Impact Lab чыгармачыл кинолабораториясы 26-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкекте (Кыргызстан) өтөт.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs объявляет набор  на программу Impact Lab

 

Дедлайн: 05.08.2024. Творческая кинолаборатория Impact Lab пройдет с 26 сентября по 1 октября в Бишкеке (Кыргызстан).

Подробнее ...
 
31.10.2023 00:00

Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт

 

17-21-ноябрь, 2023-жыл: Бишкек эл аралык кинофестивалы.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Президент тарабынан КР кинематографисттеринин алдына коюлган милдеттердин катарында жыл сайын Бишкек эл аралык кинофестивалын өткөрүү да бар.

 

 

 

17-21-ноябрда Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. 

 

Фестивалдын алкагында эки сынак өткөрүлөт. Эл аралык сынакка 10 тасма, Улуттук сынакта 8 тасма ат салышат. Калыстар тобунун курамына Семих Капланоглу, Филипп Че, Елена Дулгеру, Пак Сон Ёнг жана Гүлсара Ажибекова кирет.

 

Ошондой эле кинофестиваль Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Шаардын бардык аймагында улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын ретроспективдүү көрсөтүүлөрү өткөрүлөт.

 

Иш-чаранын ачылыш аземи филармонияда болот. Анын ардактуу коногу түрк актрисасы, режиссёр жана жазуучу Тюркан Шорай. Актрисанын негизги ролдорунун бири Ч. Айтматовдун чыгарманын негизинде боордош түрк эли тарткан “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында болгон.

 

Фестивалдын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган форум өткөрүлөт. Анда катышуучулар жазуучунун үй-музейине барышат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эксперттер панелдик талкууларга катышып, жергиликтүү кино ишмерлер менен келечектеги долбоорлорду талкуулашат.

 

Кинофестивалдын жүрүшүндө "түрк киносунун жумалыгы" өтөт. Салтанаттуу ачылыш Кыргыз-Түрк "Манас"университетинин маданий борборунда өтөт. Иш - чаранын алкагында Түркиядан келген режиссерлор, актерлор жана продюсерлер Кыргызстандын кино артисттери менен жолугушуп, биргелешип продюсерлик кылуу боюнча эки тараптуу жолугушуулар жана маектер болот.

 

Бишкек эл аралык кинофестивалдын алкагында өндүрүштү жана индустриалдык аспекти камтыган төрт мастер-класс уюштурулат: 

 

 • Жасалма интеллект жана кино

 • Актердук чеберчилик

 • Виртуалдык жашоо жана кино

 • Заманбап дистрибьюторлук рынок

 

Аталган мастер-класстарга бардык калоочулар үчүн эшик ачык. Катышуучулар арасында баалуу белектер ойнотулат. 

 

Дүйнөлүк кино фонддордон каржылык көмөк алуу максатында кинодолбоорлорду презентациялоо боюнча өзүнчө питчинг мастер-класстар уюштурулат.

 

Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында CAF Pitch (Central Asian Pitching) уюштурулуп, 10 долбоор тандап алынат.Питчингдин жеңүүчүсүнө 300 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат. Питчингде жаш талантарды аныктоого жана дебюттук долбоорлору менен режиссерлорду колдоого артыкчылык берилет. Питчингге калыстар тобу катары чет элдик кинофонддордун өкүлдөрү, көз карандысыз продюсерлер жана дистрибьюторлор чакырылган.

 

 

 

 

ЖМК үчүн байланыштар: 

Бермет Нургазы кызы (PR менеджер)

+996 501 212 707 

PR: Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript    

Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript