Фестивали: подача заявок

Национальная премия «ҮРКЕР» - 2024» : начался прием заявок

 

Министерство культуры и информации РК объявляет старт приема заявок на соискание Национальной премии «ҮРКЕР» - 2024» в области печатной, радио и интернет – журналистики.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs Impact Lab программасына катталууну жарыялайт

 

Дедлайн: 05.08.2024. Impact Lab чыгармачыл кинолабораториясы 26-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкекте (Кыргызстан) өтөт.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs объявляет набор  на программу Impact Lab

 

Дедлайн: 05.08.2024. Творческая кинолаборатория Impact Lab пройдет с 26 сентября по 1 октября в Бишкеке (Кыргызстан).

Подробнее ...
 
18.05.2023 00:00

“Кыргызсериал” чыгармачыл- өндүрүштүк бирикмеси "Корком сериалдардын сценарийине" сынак жарылайт
 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси "Көркөм сериалдардын сценарийине" сынак жарылайт.

  

Аскердик – мекенчилдик, тарыхый драмаларга, балдар жана өспүрүмдөр үчүн жазылган чыгармаларга өзгөчө көңүл бурулат.

 

Катышуучулардын категориясы:

 

Сынакка тажрыйбалуу жаратмандар менен катар, чыгармачылыкка жаңы аралашып жүргөн драматург, сценаристтер катыша алат.

 

Талаптар:

Сынакка катышып жаткан чыгарма кыргыз жана расмий тилдердекабыл алынат.

Мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама -каршы келбеши керек.

Ошондой эле ал чыгарма, мурда эч жерде жарыяланбаган болууга тийиш;

 

Форматы- стандарттуу. Шрифт - Times New Roman, размер-14, саптардын ортосундагы интервал-1;

 

Керектелүүчү документтер:

 

  • Сериалдын тритменди,  титулдук барак (аты,жанр,максаттуу аудиториясы, сериялардын саны) жалпы концепциясы, 1- сериянын сценарийи, бардыгы: 7 экземплярдан;
  •  Катышуучу тууралуутолук маалымат (резюме): автордун билими, тажрыйбасы жана фильмографиясы(кайсы тасмада эмне кызмат аткарган);

Аталган документтер конвертке бекитилип, “Сынакка” деген жазуусу менен төмөндөгү көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлүшү керек.

 

Интеллектуалдык менчик:

 Сынактын катышуучулары жиберилген сценарийге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.

 

Сынактын баалоо критерийлери:

 

  • Нарктуулук, салттуу тарбиялык,  адеп-ахлактык жана мекенчилдик  сыяктуу баалулуктарга карата өзгөчөлүгү; 
  • Коомдук саясий мамилелердин бир беткей кызыкчылыктарына жол берилбеши керек;

Сынакка келип түшкөн сценарийлер жана документтер “ Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк Бирикмесинин Көркөм Кеңеши тарабынан каралат жана алар кайра кайтарылбайт.

 

 Сынакка өткөрүү мөөнөттөрү:

 

 Сынак: 2023-жылдын 22- майынан 15- декабрга чейин чейин жүргүзүлөт.

 Кабыл алуу саат 10:00-18:00 чейин

 

Дареги:

Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24

Электрондук почта:  Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript

 Байланыш телефондору:  0312590890

                                      +996500380830

                                      +996550288165