23.10.2021 00:00 |
Мукталы Абдыбекович Бектеналиевдин үй-бүлөсүнө кичүү карындашынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтабыз
Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевге карындашы Гүлжамал Абдыбековна Бектеналиеванын каза болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын маданият жана искусство ишмерлери, кинокоомчулугун өкүлдөрү терең кайгыруу менен көңүл айтышат.
Гүлжамал Бектеналиева 1962-жылы төрөлгөн, педагог, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, азыркы мезгилге чейин каза болгонго чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасынын башкы адиси болуп иштеген.
Мукталы Абдыбекович, сабыр кылыңыз.
Мыкты аял, эне, адис, педагог Гүлжамал Бектеналиеванын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат.
Кинематография Департаменти
|