Фестивали: подача заявок

Казанский МКФ мусульманского кино продолжает приём заявок

 

1 февраля стартовала заявочная кампания XX Казанского международного фестиваля мусульманского кино. Сбор заявок продлится до 1 июня 2024 года. Отборочная комиссия закончит свою работу к началу июля. После будет обнародована конкурсная программа.

Подробнее ...
 

Продолжается прием заявок к участию в лаборатории Development Lab проекта Alternativa Film Project до 28 апреля 2024 года

 

Бухара, Алматы и online, Июнь-Октябрь 2024

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 
22.10.2021 00:00

Кыргыз режиссёрунун эмгеги фестивалда үчүнчү орунга татыды

 

Стамбул шаарында Түрк дүйнөсүнүн Даректүү тасмалардын  алтынчы фестивалы болуп өттү. Кыргызстандан катышкан  Айкөл Нурланбек уулу Даректүү тасманын студенттер номинациясында “Мээрман” деген эмгеги менен үчүнчү орунга татыктуу болду.

                                

Айкөл Нурланбек уулу

 

  -  Менин азыр байге алган  “Мээрман” аттуу тасмам – тырмак алды эмгегим. Буга чейин бул тасмам Кыргызстанда эки фестивалга катышып, бирөөсүндө баш байгени, экинчисинде “көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” байгесин  жеңген. Ал эми үчүнчү фестивалда үчүнчү орунда алып жатат. Фестиваль мамлекеттен сырткаркы, 9 өлкө катышкан иш-чара болуп жатат. Албетте, мен кубанычтамын. Мен өзүмө сөз берген элем: “Эгерде мен тарткан тасмалар жакшы орунга татыктуу болсо мен ушул багытка көңүл коём, күчүмдү жумшайм” – деп. Төлгөм оңунан чыгып жатат. Демек, алдыда дагы иштер бар. Мага дем берди. Ал эми фестиваль ушул сыяктуу фестивалдар биздин өнөрүбүздүн, чыгармачылыгыбыздын өркүндөшүнө чоң салым кошоорун белгилеп кетсем.  Эки категориядагы сынактын бир болушу – абдан жакшы жөрөлгө. Себеби бир маалда эле улуу муун менен  жаштар биригип, бири-бири менен баарлашат, бири-биринин ийгилигин, дүйнөгө көз карашын бөлүшөт. Муундар арасындагы байланыш  бекемдейт. Бул жердеги  атмосферанын өзү эле мен үчүн кымбат.

 

Мен  учурда Кыргызстандагы  даректүү тасмалардын сапатын, жанрын көтөрсөкпү деген пландарым бар. Албетте, ар бир өлкөнүн чыгармачылык стили бар. Мен ошону байкадым. Даректүү тасмалардын жана көркөм тасмалардын  чеги  да кызыктуу көрүнүш мен үчүн.

 

Мен ушул сыйлыкты алып жатып  билим алган Кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучу жалпы жамаатына, тасманын көркөм жетекчиси Стамбулбек Мамбеталиевге ыраазычылыгымды билдирип кетем – дейт жеңүүчү. 

 

Даректүү тасмалар фестивалы «Тогуз өлкө тогуз шаар» деген аталышта, "Түрк маданияты жана дүйнөгө түрк көз карашы" деген ураан менен уюштурулган.  



Фестивалга түрк тилдүү фестивалга: Түркиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Венгриянын, Азербайжандын Босниянын, Македониянын, Түндүк Кипрдин таланттары катышкан.

Баш аягы 13 өлкөдөн 226 эмгек келип түшкөн.

 

 

 

]