Фестивали: подача заявок

Казанский МКФ мусульманского кино продолжает приём заявок

 

1 февраля стартовала заявочная кампания XX Казанского международного фестиваля мусульманского кино. Сбор заявок продлится до 1 июня 2024 года. Отборочная комиссия закончит свою работу к началу июля. После будет обнародована конкурсная программа.

Подробнее ...
 

Продолжается прием заявок к участию в лаборатории Development Lab проекта Alternativa Film Project до 28 апреля 2024 года

 

Бухара, Алматы и online, Июнь-Октябрь 2024

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 
17.09.2021 00:00

Кыргыз киносунун 80 жылдыгына жана СССРдин Эл артисти, кинорежиссер Б.Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган республикалык семинар – кеңешмеси болуп өттү.

 

Өткөрүлүчү жер: Жети-Өгүз району, Каракол,Чолпон-Ата шаарлары, “Чолпон” кинотеатры.

Өткөрүүчү күндөр: 2021-жылдын 16-17-сентябры.

 
 

Семинардын биринчи күнүндө катышуучулар Балыкчы шаарындагы “Ысык-Көл”, Жети-Өгүз районундагы “Салтанат”, Каракол шаарындагы “Ысык-Көл”  кинотеатрларынын ишмердүүлүгү менен жана Каракол шаарынын маданий жайлары менен таанышышты. 

 

Ал эми экинчи күнү семинар-кеңешме өз ишин баштады. Пленардык жыйындын модератору болуп Кинематография департаментинин директору М. Бектеналиев чыкты. Семинар – кеңешменин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты.

 

Областык кинодирекциялардын директорлору А. Калмакиев (Ысык – Көл), У. Юлдашева (Ош), К. Зайналов (Баткен), К. Ташматов (Жалал – Абад), З. Муканбетов (Нарын), Ж. Исанаев (Чуй), Т. Досматов (Талас) кыргыз киносунун 80 жылдыгына, Б.Шамшиевдин 80 жылдыгына карата, областта жүргүзүп жаткан иш-чаралардын жүрүшү боюнча жана “Кыргызтасмасы” кино борборунун директору Т. Досалиев бүгүнкү күндө фильмдерди жүгүртүү маселелери боюнча маалымат беришти. Семинар-кеңешме суроо-жооп иретиндеги талкуу, ой бөлүшүү,  чечим кабыл алуу менен аяктады.

 

Кыргыз киносунун 80 жылдыгына жана СССРдин эл артисти, кинорежиссер Б.Шамшиевдин 80-жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын  Эл артисти, 3- даражадагы “Манас” орденинин ээси, киноактриса А.Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгына карата  “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы көрсөтүлдү жана А.Темирова менен чыгармачылык жолугушуусу уюштурулду.

 

Иш чаранын соңунда катышуучулар Чолпон – Ата шаарынын маданий жайлары менен таанышышты.

 

Эки күндүк семинар катышуучуларга кино тармагын өнүктүрүүгө жаңы көз караштарды, идеяларды,  пландарды, кызыктуу мүмкүнчүлүктөр менен тажрыйбаны тартуулады.