Фестивали: подача заявок

Казанский МКФ мусульманского кино продолжает приём заявок

 

1 февраля стартовала заявочная кампания XX Казанского международного фестиваля мусульманского кино. Сбор заявок продлится до 1 июня 2024 года. Отборочная комиссия закончит свою работу к началу июля. После будет обнародована конкурсная программа.

Подробнее ...
 

Продолжается прием заявок к участию в лаборатории Development Lab проекта Alternativa Film Project до 28 апреля 2024 года

 

Бухара, Алматы и online, Июнь-Октябрь 2024

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 
10.11.2020 00:00

17.11.2020: День кыргызского кино - первый фильм Мелиса Убукеева

 

ТАЙГАК КЕЧҮҮ (АППАК ТООЛОР)

Мукай Элебаевдин чыгармаларырын мотивинде

Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы, 1964

Сценарийдин авторлору: М. Убукеев, Н. Рожков

Койгон режиссёр: Мелис Убукеев

Койгон оператор: Кадыржан Кыдыралиев

 

Башкы ролдо: Бакен Кыдыкеева

 


1916 – жылдагы элдик көтөрүлүш

 

“Тайгак кечүү” кинотасмасы 1916 – жылдагы элдик көтөрүлүштүн кайгылуу кесепеттерине арналган. СССРдин аймагында прокатта ал “Аппак тоолор” деген аталышта болгон. Дал ушул тасмада алгачкы жолу кыйын сыноолор учурунда улуттун руху, аын даанышмандыгы жана майтарылбастыгы берилген. Фильмдин маанилик борбору болуп кыйын кезендеги Сокур эне – жакырданган Мекендин символу саналат.

 

Улгайган көзү азиз аял – курман болгон күйөөсү менен баласын жоктоп ыйлай берип, көзү көрбөй калган, мезгилдин бардык оордугуна чыдаган.

 

“Тайгак кечүү” жазуучу Мукай Элебаевдин чыгармаларынын мотивинде тартылган. Режиссер-коюучу Мелис Убукеевдин ою боюнча тасманын адабий негизине анын бир эле “Бороондуу күнү” аңгемеси алынмак. Өзгөчө кыска жана реалисттик бул аңгеме сюжетинин өнүгүүсүнүн тактыгы, сүрөттөөлөрдун ачыктыгы, баяндоонун эмоционалдуу сүрөттөрү менен айырмаланган. Бирок ошого карабастан кино таануучу Каарман Ашымов жазгандай бул аңгеме толук метраждуу көркөм фильмди түзүү үчүн жетишээрлик материалды берген эмес. Ошондуктан Убукеев тасманын үстүндө иштөөдө Элебаевдин анча чоң эмес башка чыгармаларын да пайдаланган.

 

Өспүрүм Мукаш эң жакын тугандарынан айрылып, Кытайдан (ал жакка 1916 – жылы көтөрүлүш учурунда барган) революциянын жана жарандык согуштун өртү чалган мекенине кайтып келет. Үйгө кайтып келаткан кыйын жана узак жолдо тоолордун арсында чалдыбары чыккан жалгыз боз үй көрүнөт. Анда жашагандардын сөздөрүнөн үй ээсинин кайгылуу өлүмү, анын аялынын жана кызы Уулжандын оор тагдыры тууралуу билет. Кыз 13 жашта экенине карабастан картаң болушка токол тийиш эле. Мукаш ага өзүнүн окусам деген тилегин айтат. Уулжан Мукаштан кеттүүсүн суранат. Экранда чоң тоо өзүнүн ала суусунун жээги. Мукаш Уулжан минген атты жетелейт. Артынан келе жаткан куугунчурарды көргөндө ал чегине түшүп, аларды кыздан алаксытуу үчүн башка жакка чуркайт. Аскага тырмышып чыгып жатып, ал Уулжан күркүрөгөн суудан аман-эсен өткөнүн көрөт. Ал эми куугунчулар Мукашка жете келишет. Өспүрүм аскадан боюн таштап курман болот.

 

Кино таануучу Олег Артюхов ал кездеги жаш оператор Кадыржан Кыдыралиевдин ишин жогору баалаган. Фильмдин визуалдык чечилиши режиссёрдун берейин деген оюна дал келет, анын каармандарынын туңгуюкка капталганын берейин деген тилеги орундуу ишке ашкан. Өтөө тили кыска, нуска. Кыдыралиевдин сүрөтү өзгөчө ири пландагы каармандардын сырткы кейпин сүрөттөөдө алардын ички манызын ачып берүүгө аракеттенет. Пейзаждан, боз үйдүн жасалгасынан, персонаждардын кийген кийимдеринен ал кубаныч менен кайгыны издейт. Ак жана кара түс – булар сүрөттөөнүн зарыл акценти. Каармандардын ички абалын билдирүүнүн маанилүү каражаты – тартуу жана камеранын кыймылы. Мисалы тасманын башында Мукаш катышкан эпизод ак, кара жана боз түстөрдүн айкалышында, камеранын ар кандай кыймылынын ритминде берилген. Ал бирде улан менен бирге чуркап баратып “деми кыстыгат”, бирде “кулайт”, бирде “коркконунан селейет”. Каармандын коркуп – үрккөнү, азап чеккени туюлат. Кыздын атасынын мүрзөсүн чагылдырган сценада боз-кара боёктор үстөмдук кылат. Фильмдин аягында тоналдык палитра дээрлик бир кана кара түскө – сокур аялдын азалуу кара жакындайт. Катаал реалдуулук поэтикалык образдуулук менен айкашат.

 

Публицист жана драматург Талип Ибраимов “Тайгак кечүү” фильмдинде 1916 – жылдагы геноцидден кийин кыргыздар совет бийлигинин да эл катары жашап кеттүүсүнө шектенүү айтылган деп эсептейт. Буга байланыштуу Ибраимов соңку көрүнүштөгү жүгөндөлгөн аттардын чабандессиз көрсөтүлүшүн абдан кызыки чечмелейт. Ал кадрдагы ак боз аттарга көнүл бурат. Ак боз аттарды хандар, пайгамбарлар, баатырлар, б.а. элита минген. “Согуш талаасынан жоокерлер курман болгон жолдошторунун ээр токумчан аттарын коштоп алып келишкен. Бул байыркы салт. Горизонтту карай бараткан ак боз аттардын тизмеги – жаны турмушка эл элитасыз киргенин көрсөтөт. Эл макалында айтылгандай “Булбулсуз бак – бак эмес, баштаанаксыз үйүр эмес, пайгамбарсыз эл – эл эмес...”

 

1965 – жылы Алматыда өткөн Орто Азия жана Казакстан республикаларынын кинофестивалында калыстар тобу “Тайгак кечүү” фильмине мыкты режиссёрдук, оператордук жана музыкалык чечимдери үчүн биринчи даражадагы Диплом ыйгарышкан.

 

 

Пресс-служба Департамента кинематографии

Гульбара Толомушова