Фестивали: подача заявок

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана” (ru, kg)

 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок короткометражных игровых и документальных фильмов для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана”.

Подробнее ...
 

XI Форум Молодого кино стран СНГ "Умут" - 2024

 

Сроки и место проведения: 28.03-01.04.24, 2024, Бишкек, Кыргызстан
Организатор: Департамент кинематографии при поддержке МФГС
Заявки для участия фильмов принимаются до 1 марта 2024 года. 
Подробнее ...
 
27.07.2020 00:00

Карантин: День за днем - 27.07.2020. Соболезнуем Народной артистке КР Жамал Сейдакматовой в связи с кончиной мужа - Садыра Назарова

 

Киносообщество КР соболезнует Народной артистке Кыргызстана Жамал Сейдакматовой в связи с кончиной мужа - Садыра Назарова. Садыр Назаров умер после продолжительной болезни 26 июля 2020 года в 23 часа 30 минут.

 

Садыр Назаров родился 28 декабря 1937 года. Кыргызской театральной общественности был известен как директор театра "Тунгуч", который основала Жамал Сейдакматова. Актриса является художественным руководителем этого театра. Садыр Назаров был всегда рядом с Жамал-эже, был опорой, плечами, о которых мечтает каждая женщина. Садыр Назаров после инсульта болел в течение восьми месяцев - был на постельном режиме.

 

Дорогая, любимая Жамал-эже! Держитесь! Крепитесь! Мы также выражаем свои соболезнования родным и близким замечательного человека Садыра Назарова. Светлая память о нем навсегда сохранится в наших сердцах.

 

Киносообщество Кыргызстана

 

 

 

Садыр Назаров

 

Кыргыз маданияты, билим берүү жана илим тармагы оор жоготууга дуушар болду. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 83 жашында катуу оорудан кийин дүйнө салды.

 

Садыр Назаров 1937- жылы Жалал Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кара- Суу айылында туулган.

 

Ал көп жылдар боюу Кыргыз мамлекеттик политехникалык институнун окутуучусу, проректору болуп кызмат өтөгөн. 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин “Тунгуч” театрынын башкы директорунун кызматын аткарган. Ал илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнөн кийин бүтүндөй өмүрүн, уюштуруучулук талантын “Тунгуч” театрын өсүп-өнүктүрүүгө, чыгармачылык бийиктиктерге чыгуусуна арнаган. “Тунгуч” театры тынымсыз чыгармачылык ийгиликтерге жетишип, кыргыздын сахна өнөрүн Европа, Азия, Америка, Африка мамлекетерине чейин таанылышына С. Назаровдун кошкон салымы зор. Тунгуч” театры Египетте (Каир), Колумбияда (Богота), Германия (Мюльхайм), Иранда (Тегеран), Кытайда (Үрүмчү), Россияда (Москва, Уфа), Өзбекстанда (Карши), Казакстан (Алматы, Астана), Түркияда (Стамбул) өткөн эл аралык театр фестивалдарына катышып, ийгиликтер менен кайткан. Бир нече жолу Баш байгелерди багындырган. Ал эми Кытай Эл Республикасына “Тунгуч” театры беш ирээт чакырылып, эл аралык театр фестивалына катышкан. Буга театрдын көркөм жетекчиси, кыргыз театр жана кино искусствосунун залкары Жамал Сейдакматова менен анын материалдык-техникалык жактан шарт түзүп турган театрдын директору Садыр Назаровдун опол тоодой эмгеги бар.


Мындан сырткары, “Тунгуч” театры Кыргыз Республикасынын ичинде да, тынымсыз гастролдук турнелерди өткөрүп, Ала-Тоонун бүтүндөй аймактарын кыдырып, элин кыргыз театр искусствосун сүйүүгө жана урматтого, ошондой эле жаңы өсүп келе жаткан тетар ышкыбоздорунун тушоосун кескен.

Садыр Назаровдун жетекчилиги менен “Тунгуч” театрынын көрүнүктүү артисттери Асылбек Өзүбековдун, Мурат Мамбетовдун, Эгемберди Чалабаевдин таланттарынын гүлдөп турган мезгили туш келип, андан чыныгы кыргыз маданиятынын көрүнүктүү сап башында болуп чыга келди. Профессор Садыр Назаров жаш кезинде чыгаан окумуштуу жана Политехникалык институттун проректору катары миңдеген студенттердин жана кесиптештеринин эсинде калса, тажрыйбасы такшалган куракта маданият тармагынын мыкты менеджеринин үлгүсүн көрсөтүп кетти. Ал 83 жыл барктуу жана нарктуу жашап, бактылуу өмүр кечирди.Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Садыр Назаровдун жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Маркумдун өмүрлүк жары, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар актриса Жамал Сейдакматовага, уул-кыздарына жана жакын бир туугандарына көңүл айтып аза - кайгысын тең бөлүшөбүз.

 

А.Ж. Исмаилова, С.Шер-Нияз, К.К.Иманалиев, Г.С.Молдобекова, Б.С.Турусбеков, М.Э.Мавлянова, Д.А.Эсеналиев, Т. А. Темиралиев, А.К.Жаманкулов, К.А.Исаков, К.Б.Базарбаев, Ж.У.Саралаева, К.О.Иманалиев, М.А.Бектеналиев, С.А.Раев, Б.Жакиев, М.М.Мамакеев, М.М. Мамытов, Т.С.Садыков, М.Т.Байжиев, К.Сартбаева, С.Токтакунова, Г.С. Базаров, М.М.Мусаев, М.С.Шаршенбаев, А.А.Абдыкалыков, Т.Т. Казаков, М.А.Бегалиев, Н.И.Мамбетова, Г.К. Каниметова, З.М.Сооронбаев, Т.А.Абдразаева, Э.В.Чалабаев, К.А.Осмонов, Ж.О. Кулманбетов, А.У. Дайырбеков, М.Ж. Жаманбаев, Р.Т. Айтматова, Ж.С.Саданбеков, И.С.Болжурова, А.А.Өзүбеков, А.М. Жангазиев, М.А.Мамбетов ж.б.