Фестивали: подача заявок

Казанский МКФ мусульманского кино продолжает приём заявок

 

1 февраля стартовала заявочная кампания XX Казанского международного фестиваля мусульманского кино. Сбор заявок продлится до 1 июня 2024 года. Отборочная комиссия закончит свою работу к началу июля. После будет обнародована конкурсная программа.

Подробнее ...
 

Продолжается прием заявок к участию в лаборатории Development Lab проекта Alternativa Film Project до 28 апреля 2024 года

 

Бухара, Алматы и online, Июнь-Октябрь 2024

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 
11.07.2019 00:00

Кинематография департаменти улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кинодолбоорлорго сынак жарыялайт
 

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти«Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кинодолбоорлорго сынак жарыялайт. Сынак өткөрүү мөөнөтү 2019-жылдын 08.07 – 08.08 чейин. Тасманын өндүрүшүн каржылоомамлекеттик каржылык колдоонун эсебинен субсидия түрүндөгү толугу менен же жартылай ишке ашырылат.

 

Сынакка катышуунун шарттары жана тартиптери:

 

Сынакка менчик түрүнө карабастан Кыргызстандагы баардык кинематография мекемелери жана кинодолбоорлордун продюсерлер катыша алат.

Кинодолбоор социалдык маанилүү, заманбап тематиканы камтууга, коомдун жалпы кабыл алынган, жарандык жана адеп-ахлактык идеалдарына туура келүүгө,чыгармачылык өзгөчөлүккө жана таасирдүүлүккө ээ болууга, таланттуу жаштардын киноискусстводогу изденүүсүнө түрткү берүүгө, кинонун, аны менен бирге балдар жана өспүрүмдөр үчүн кинонун өнүүгүсүнөкөмөк көрсөтүүгө тийиш.

 

Сынактык иш кагаздар пакети менен  стандартуу почталык чапталган конверт беш нускада Кинематография департаментине жөнөтүлүүсү керек жана электрондук түрү CD-дискте тапшырылып же Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript дарегине жөнөтүлүүсү зарыл. Билдирменин кагаз түрүндөгү варианты электрондук түрүндө сунушталган варианты менен бирдей болууга тийиш.

 

Башка жолдор менен сунушталган билдирмелер каралбайт.

Сынакка жөнөтүлгөн билдирмелер рецензияланбайт жана кайра кайтарылбайт.

Буга чейин субсидия түрүндө мамлекеттик колдоого ээ болгон долбоорлор бул сынакка катыша албайт.

 

Сынакка катышуу үчүн зарыл документтердин жана материалдардын тизмеси:

 

- Кинематография департаментинин директорунун атына жолдомо кат;

- чыгармачылык долбоордун билдирмеси;

- сценарийдин авторунун колу коюлган тасманын кыскача синопсиси;

- продюссер жана режиссер тарабынан бекитилген календарлык план;

- тасманын сценарийи;

- сценарий тууралуу кинематография мекемесинин көркөм кеңешинин чечими, көркөм кеңеши жок болгон учурда сценарий жөнүндө үчтөн кем эмес кинодраматургдардын рецензиялары же пикирлери; 

- сценарийдин авторунун, тасманын режиссерунун жана продюссеринин өздүгүн ырастоочу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн тастыктоочу документтеринин көчүрмөлөрү;

- тасманы тартууга автордук келишимдердин көчүрмөлөрү жана адабий түпкү жазма булактарды кинематографиялык колдонуу учурунда экранизациялоого өзгөчө автордук укук алуу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;

Режиссердун фильмографиясы, режиссердун кесиптик билим тууралуу дипломдун көчүрмөсү  жана/же эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга татыган жогорку көркөмдүктө киночыгармаларды жаратууда тажрыйбасы бар же көрүүчүлүк ийгиликтерге жетишкен кинорежиссер;

- талап кылынып жаткан суммадан жана продюссердин эсебинен сарпталуучу жалпы чыгымдарды камтыган, сом түрүндөгү чыгымдар сметасы;

- кинодолбоордун пландалган каржылоо өлчөмдөрүн жана булактарын тастыктоочу иш-кагаздар (тасманын өндүрүшүн бюджеттен сыркары булактардан каржылоону тастыктоочу иш-кагаздардын көчүрмөлөрү);

- кинодолбоордун продюсеринин ыйгарым укугун тастыктоочу иш-кагаз;

- кинодолбоорду ишке ашыруучу кинематография мекемесинин жана продюсердин ишмердүүлүктөрүнүн негизги багыттары жана иш тажырыйбалары;

- материалдык-техникалык жана кадрлык каражаттар;

- мекеменин уюштуруу иш-кагаздарынын көчүрмөлөрү;

- продюсердин фильмографиясы;

 

- салык органдарынан салык төлөөчүнүн милдеттеринин аткарылуусу тууралуумаалымкат.

 

Сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү:

 

Биринчи этап– сынакка билдирмелерди кабыл алуу 2019-жыл08.07 – 08.08;

Экинчи этап2019-жылдын 23-августуна чейин Эксперттик комиссия тарабынан келип түшкөн билдирмелер каралып, сынактын жыйынтыктары чыгарылат.

 

Почта дареги:

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине карштуу Кинематография департаменти.

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көч., 13,Ч.Айтматов атындагы Кино үйү;

Тел.: +996 312 301042; факс: +996 312 301046;

E-mail: Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript

«Эң мыкты кинодолбоорлор сынагына»белгиси менен

 

Сурап-билүү телефону: 0312 30 10 42