Фестивали: подача заявок

Казанский МКФ мусульманского кино продолжает приём заявок

 

1 февраля стартовала заявочная кампания XX Казанского международного фестиваля мусульманского кино. Сбор заявок продлится до 1 июня 2024 года. Отборочная комиссия закончит свою работу к началу июля. После будет обнародована конкурсная программа.

Подробнее ...
 

Продолжается прием заявок к участию в лаборатории Development Lab проекта Alternativa Film Project до 28 апреля 2024 года

 

Бухара, Алматы и online, Июнь-Октябрь 2024

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 
13.02.2019 00:00
Кинематография департаментинин 2018-жылда  аткарылган иш-чаралары боюнча маалымат (13.02.2019)
 

Кинематография департаменти улуттук кинематографияны  сактоого, кеңири жайылтууга жана өнүктүрүүгө арналганиш-чараларды, Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин мамлекеттик жана эл аралык жогорку деңгээлде өткөрүү жана аймактарды өнүктүрүү жылынын иш-чаралар  пландарын аткаруу максатында иш алып барды. 

 

 

Кинематография департаментинин системасына  төмөнкү мекемелер кирет:

 

  • Т.Океев  атындагы  улуттук  “Кыргызфильм”  киностудиясы;
  • Республикалык  мамлекеттик  фильмофонд  (“Кыргызфильмофонд” РМФК);
  • Республикалык  Ч.Айтматов  атындагы  Кино  үйү;
  • 7 областык, 24 райондук  жана  шаардык  кинодирекциялар;
  • 38  мамлекеттик  кинотеатрлар;
  • 10 көчүп жүрүүчү авто кино түйүн.

 

Укуктук-ченемдик  база

 

“Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Мыйзамына 2018-жылдын 21-февралында кол коюлду. Мыйзамга продюсердик ишмердүүлүк жана тасмалардын мазмуну тууралуу редакциялык өзгөртүүлөр киргизилди.

 

“Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышынын мониторингин жүргүзүү максатында 2017-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин чечими менен жумушчу топ түзүлүп, Жогорку Кеңеште, Кинематография департаментинде, Финансы министрлигинде жыйындар өткөрүлдү.

 

Жыйындардамыйзамдын аткарылышы боюнчамаалымат берилди, талкуу мезгилинде толуктоолор, өзгөртүүлөр боюнча ой-пикирлер жана сунуштар талкууланды.

 

Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында жайгашкан “Кызыл Кыргызстан” кинотеатрын реконструкциялоо боюнча долбоор даярдалды  жана иш-чаралар алкагында тендердин 1 этабы өткөрүлүп, жеңүүчү  (Консорциум: ЖЧК “Бурана гранд” жана “Аds group”) аныкталып реконструкциялоо иштерин жүргүзүү максатында келишимдин долбоору 2022-жылга чейин түзүлүп, 2018-жылдын 4-майында кол коюлду. 2018-2020-жылдары курууга даярдык иштери жүргүзүлүп, 2020-2022-жылдары курулушту бүтүрүү пландаштырылууда (келишимде көрсөтүлгөн), инвестициялоого34 млн. 887 754 сом сарптоо каралууда. 

 

Кыргыз  Республикасынын 2018-жылдын 8-январындагы № 10 токтомун аткаруу максатында штаттык бирдиктерди кыскартуу боюнча сунуштары ведомство аралык комиссиянын  кароосуна берилди. 2018-жылдын  7-майындагы  № 227 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” токтому ишке ашырылды.

 

Киноөндүрүшжана негизги ишмердүүлүк

 

2018-жылдын 14-февралында Кинематография департаментинин Кеңешинин областык, райондук жана шаардык кинодирекциялардын, Т.Океев атындагы Улуттук киностудиянын,  РМФК “Кыргызфильмофондун” жетекчилигинин катышуусу менен кеңейтилген  жыйын (Коллегия) өткөрүлдү. Жыйында 2017-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, 2018-жылга аткарылуучу иш-чаралар каралды жана бекитилди.

 

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын  Көркөм кеңешинин чечими  менен 2018-2019-жж. тематикалык жана өндүрүш планына 4 тасма киргизилди.

 

“Ак кеме” повестинин негизинде тартыла турган көркөм тасманы (режиссер Кыргыз Республикасынын эл артисти  А.Сүйүндүков) тартуу иштери 2018-жылдын 2-апрелинде башталып, графикке ылайык Нарын областынын жана Кемин районунун аймактарына чыгышты. Тасманын негизги эпизоддору Кемин районунун аймагында тартылды. Азыркы күндө тасманын тартуу иштеринин 80% аякталды. Республикалык бюджеттен тасманы тартууга 20 млн. сом каралган.

 

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу “Мир Айтматова” (“Айтматовдун дүйнөсү”) аттуу толук метраждуу даректүү тасма (режиссер Кыргыз Республикасынын эл артисти Б.Карагулов)  тартылып бүтүп, 17-ноябрда Бишкек ш. “Ала-Тоо” кинотеатрында кыргыз кино күнүнө арналган иш-чаранын алкагында бет ачаар аземи өткөрүлдү. Азыркы күндө аталган тасма Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө жана республиканын телеканалдарында көрсөтүлүүдө. Республикалык бюджеттен  тасманы тартууга 2,6 млн. сом каралды.

 

“Устаттын керээзи” (режиссер Т.Жумабаев) аттуу кыска метраждуу даректүү тасма тартылып бүтүп, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык жана республикалык  иш-чараларда көрсөтүлүп жатат. Бул тасманы тартууга республикалык бюджеттен  350,0 сом каралган.

 

“Ысык-Көл форуму” (режиссер Э.Жумабаев) аттуу кыска метраждуу даректүү тасманы тартуу иштери аяктады.  Бул тасманы тартуу үчүн республикалык бюджеттен 400,0 сом каралган. 

 

Кинематография департаменти “Өзбек кино” мамлекеттик агенттиги менен бирдикте Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу повестинин негизинде “Делбирим” аттуу көркөм тасмасы тартылды. 16-ноябрда Ташкент ш., ал эми  5-декабрда  Бишке ш. бет ачаар аземи өткөрүлдү. Азыркы күндө республиканын бардык кинотеатрларында көрсөтүлүүдө. Республикалык бюджеттен  1 млн. 800 мин сом бөлүнгөн, андан тышкары аталган тасмага Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри өткөргөн кеңешменин жыйынтыгынын чечими менен “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” аттуу толук метраждуу көркөм тасмага каралган каражаттын эсебинен  1 млн. 200 миң сом бөлүнүп берилди.

 

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган “Перевал” (режиссер А.Сахаров, 1961-ж.), “Зной” (режиссер Л.Шепитько, 1961-ж.), “Биринчи мугалим” (режиссер  А.Кончаловский,  1965-ж.),  “Саманчынын  жолу” (режиссер Г.Базаров,

 

1967-ж.), “Ак кеме” (режиссер Б.Шамшиев, 1975-ж.), “Кызыл алма” (режиссер Т.Океев, 1975-ж.), “Эрте келген турналар” (режиссер Б.Шамшиев, 1979-ж.), “Восхождение на Фудзияму” (режиссер Б.Шамшиев, 1979-ж.) аттуу тасмаларды санариптөө иштери РФ маданият министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып, Т.Океев атындагы улуттук киностудиясына тапшырылды.

 

Мамлекеттик буйрутманын негизинде тартыла турган “Кожомкул” аттуу көркөм тасмага керектелүүчү каражаттын булактары тастыкталбагандыгына байланыштуу тасманы жаратуу иштери убактылуу токтотулду. Ошону менен бирге жогоруда аталган тасманын сценарийине сынак жарыяланып, КЭК  жыйынтыгы менен Б.Шамшиевге сценарийди талаптарга жооп берген тасманы тартууга ылайыктап кайрадан иштеп чыгуу сунушталды.

 

Ш.Жапаровдун   “Эл кайда көчөт” аттуу толук метраждуу 90 мүнөттүк көркөм тасманы  тартууга чейинки даярдык иштери уюштурулуп, азыркы учурда тасманы тартуу иштери жүрүп жатат.

 

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” УК тематикалык планына ылайык “Аксакалдар”  аттуу 3 мүнөттүк ролик, “Адам жана карышкыр”  аттуу анимациялык тасмалардын  өндүрүшү аякталды.

 

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата К.Медетбеков атындагы Талас областтык драма театрында “Атай” (режиссер Б.Карагулов) аттуу тасмасынын бет ачаар аземи болуп өттү. Аталган тасма кыргыз элинин залкар комузчуларынын бири, обончу, ырчы Атай Огонбаев жөнүндө.

 

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын кинокербени Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын  областарында тасмаларга тартылган актерлордун катышуусу менен кинотеатрларда, маданият үйлөрүндө жана мектептерде чыгармачыл жолугушуулар өткөрүлүп, тасмалар көрсөтүлдү. 11-декабрда “Октябрь” кинотеатрында жана Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө кинокербенди жыйынтыктоочу чыгармачылык жолугушуулар  Кыргыз Республикасынын эл артистери Чоро Думанаев, Акылбек Абдыкалыков, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артистери Бузурман Одуракаев, Насрет Дубашев жана актер Нургазы Сыдыгалиевдердин  катышуусу  менен  өткөрүлдү.  Аталган  жолугушууларда  24 085 көрүүчүгө 128 сеанс көрсөтүлдү.

 

Жыличинде Кинематография департаменти тарабынан Польша, Белоруссия, Татарстан, Россия, Европа, Түркия, Германия  жана Өзбеккино күндөрү жогорку деңгээлде уюштурулуп  өткөрүлдү.

 

Кинематография департаментинин иш-чаралар планына ылайык 21-22-июнь күндөрү Чүй областынын Москва, Жайыл, Кемин райондук жана Токмок шаардык кинодирекциялардын базасында республикалык семинар-кеңешме өткөрүлдү.

 

Түрк Республикасынын кино күндөрүнүн алкагында 27-июнда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө Түрк Республикасынын кино актерлору менен жолугушуу өткөрүлдү.

 

28-июнда “Ала-Тоо” кинотеатрында “Түнкү кырсык” аттуу көркөм тасмасынын Улуттук бет ачаар аземи болуп өттү.

 

19-25-июль күндөрү Кант, Чолпон-Ата шаарларында “Россия киносунун жумалыгы” жогорку деңгээлде өткөрүлдү.  Кино жумалыктын алкагында россиялык  актерлор, кыргыз кино ишмерлери менен чыгармачыл жолугушуулар болду.

 

2-3 сентябрда Токио шаарында Япониядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин колдоосу менен “Ак кеме” (Б.Шамшиев), “Курманжан Датка” (С.Шер-Нияз) аттуу көркөм жана “600 дней веры” (А.Саргалдаев), “Манас на острове Хоккайдо”(Г. Иреш) аттуу даректүү тасмалары көрсөтүлдү.

 

III көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда 3-6-сентябрда I эл аралык этно-экологиялык тасмалардын “Мөңгү” кинофоруму өткөрүлдү.

 

5-сентябрда Ташкент шаарында Кинематография департаменти (М.Бектеналиев) жана “Өзбеккино” (Ф.Зокиров)  мамлекеттик агентиги менен кызматташуу  жөнүндө меморандумга кол коюлду.  Биринчи биргелешип тартылган кино долбоор “Делбирим” тасмасы.

 

Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө “Жаандан кийин асан-үсөн”, “Сынак”, “Оралман” (Казахфильм), “Кош келиңиз, Президент мырза” аттуу көркөм тасмалардын, “Залкар манасчы”, “Бексултан Жакиев”, “Тең” аттуу даректүү тасмалардын  бет ачаарлары өткөрүлдү.

 

18-октябрда“Ала-Тоо” кинотеатрында “Миң кыял” (“Мария”) реж.М.Сарулу аттуу көркөм тасмасынын Улуттук бет ачаар аземи болуп өттү.

 

25-29-октябрда КМШ мамлекеттеринин жаш киносунун “Үмүт” Форумуөткөрүлдү. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналды. Форумга Казахстан, Тажикистан, Литва, Өзбекистан жана Кыргызстандын жаш режиссерлору катышып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

17-ноябрда “Ала-Тоо” кинотеатрында кыргыз кино күнүнө жана “Ала-Тоо” кинотеатрынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү.

 

4-декабрда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндөСССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган эскерүү кечеси кыргыз кино ишмерлеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

 

3-7-декабрда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарындагы окуучуларга “Жамийла”, “Караш-караш”, “Бетме-бет”, “Кызыл алма” аттуу көркөм тасмалар жана “Айтматов жана кино”, “Тоолор кулаганда” аттуу даректүү тасмалар, “Айдагы кыз” аттуу анимациялык тасма көрсөтүлдү.

 

Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө жазуучунун кабинет-музейин оңдоп-түзөө жана эмеректерди реставрациялоо иштери бүткөрүлүп, “Айтматов жана кино” аттуу туруктуу фото көргөзмөнүн ачылыш аземи 11-декабрда өткөрүлдү жана Ч.Айтматовго арналган жаңы даректүү тасмалар көрсөтүлдү.

 

Жыл ичинде кыргыз киносунун алтын фондундагы Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар Кытай Эл Республикасында, Россия Федерациясында (Москва, Татарстан, Башкыртостан, Якутия), Белоруссияда, Түркияда, Өзбекстанда, Японияда, Австрияда жана башка чет мамлекеттерде жазуучуга арналган иш-чаралардын жана эл аралык кинофестивалдардын алкагында “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”, “Ак кеме”, “Зной” аттуу тасмалары  көрсөтүлдү.

 

12-декабрда КМШ, Балтия, Грузия мамлекеттеринин режиссерлорунун  “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” атту эл аралык  кино фестивалынын ачылыш аземи өткөрүлдү. Ачылыш аземинде “Реквием улетающей стаи” аттуу жазуучуга арналган кыска метраждуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

 

Республиканын аймактарында 5-12-декабрда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата кино жумалык өткөрүлдү. Кино жумалыкта “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”, “Ак кеме”,  “Кызыл алма”, “Жамийла” аттуу көркөм тасмалар, “Менин сөзүм менин жаным”, “Тоолор кулаганда”, “Айтматов жана кино” атту даректүү тасмалары20,100 көрүүчүгө  243 сеанс көрсөтүлдү.

 

Калкты кино менен тейлөө

 

Республиканын аймактарында жыл ичинде областык, райондук жана шаардык кинодирекциялар тарабынан көрүүчүлөргө 14 793сеанс көрсөтүлдү. Анын ичинен АКП менен  4 803 сеанс жана акысыз 3 642  сеанс көрсөтүлдү. Көрүүчүлөрдүн саны  343 100;  алардын ичинен АКП аркылуу  91 700 көрүүчү, акысыз сеанстары менен 316 400 көрүүчү тейленди. Кинотеатрлардын бардык кирешеси 4 420,0 миң сомду түздү, ал эми АКП аркылуу 816 800 сом чогултулду.

 

Ошондой эле республика боюнча областык, райондук жана шаардык  кинодирекциялар киножумалыктарды, кинолекторийлерди, тематикалык көрсөтүүлөрдү, кино ишмерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү.

 

Материалдык-техникалык база

 

Областык, райондук жана шаардык кинодирекциялардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Департамент тарабынан Токмок шаардык кинодирекциясына видеопроекциондук аппаратурасынын комплекти  (110,0 миң сом) берилди.

 

Ат-Башы районунда жайгашкан “Чатыр-Көл” кинотеатрын капиталдык ремонттон өткөрүүгөреспубликалык бюджеттен7 млн. сом каражат бөлүнүп берип, азыркы күндө оңдоп-түзөө иштери аяктоодо.

 

Кара-Буура районунуда жайгашкан “Семетей” кинотеатрын жана Кочкор районунда жайгашкан “Чолпон” кинотеатрында капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү максатында чыгымдар сметасы иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна  жөнөтүлдү.

 

Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү

 

Кинематография  департаменти кино тармагында эл аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында  бир катар иш чараларга катышты.

 

2018-жылдын 16-20-майында “Ала-Тоо” кинотеатрында  европа киносунун фестивалы өткөрүлдү. Фестивалдын программасында 13 тасма көрсөтүлдү.

 

2018-жылдын 21-23-майында Ч.Айтматова атындагы кино үйүндө белорус кино күндөрү өткөрүлдү.  Кино күндөрдө 5 көркөм тасма жана 2 анимациялык  тасма  көрсөтүлдү. Аталган иш-чара Белорус Республикасынын элчилиги менен биргеликте уюштурулган. 

 

2018-жылдын 23-25-майында Ч.Айтматова атындагы кино үйүндө жана “Октябрь” кинотеатрында Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата татар кино күндөрү өткөрүлдү. Кино күндөрдө жаңы  6 көркөм тасма көрсөтүлдү. 

2018-жылдын 13-17-июнь күндөрү Циндао шаарында (Кытай) өткөрүлгөн ШКУ мамлекеттеринин  эл аралык кинофестивалына 5 тасма катышты. Алар “Түнкү кырсык”, “Атанын керээзи”, “Асман алдында”, “Ханбийке Назик” (“Кыргызфильм”  УК),  “Апамды издеп”  (“Аманат-фильм”) тасмалары. “Түнкү кырсык”, “Атанын керээзи” тасмалары фестивалдын сынагына катышып, “Түнкү кырсык” тасмасына Мыкты эркектин ролун аткаргандыгы үчүн

 

А.Абдыкалыковго сыйлык тапшырылды. Кинофестивалдын алкагында Т.Океев атындагы “Кыргызфильм”  улуттук

киностудиясы Кытай Республикасынын мамлекеттик дистрибъютердик компаниясы менен “Түнкү кырсык” тасмасын КЭР аймагында импортко жана прокатка чыгарууга байланышкан келечектеги иш-аракеттери тууралуукелишимге кол коюлду.

 

2018-жылдын 26-30-июнь күндөрү “Манас” кинотеатрында түрк киносунун экинчи кино жумалыгы өткөрүлдү. Ачылыш аземинде Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу тасма көрсөтүлдү. Аталган иш-чара Түрк Республикасынын маданият жана туризм министрлигинин колдоосунда уюштурулду. 27-июнда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө түрк делегациясы менен кыргыз кино ишмерлеринин  жолугушуусу  болуп өттү. Жолугушууда биргелешип кино тартуу маселелери талкууланды.

 

“Түнкү кырсык” (Т.Бирназаров) жана “Кентавр” (А.Арым-кубат) тасмалары 2018-жылдын 19-27-апрелинде өткөрүлгөн эл аралык “Фаджр” (Иран) кинофестивалына катышып келишти. Аталган эл аралык фестивалга кыргыз киносунун эки тасмасынын катышуусу биздин кинонун жогорку сапатын дагы бир жолу айгинелейт.

 

“Атанын керээзи” (Б.Мукул) тасмасы 2018-жылдын 22-31-майында Севастополь (Крым)  шаарында өткөн “Золотой витязь” фестивалынын негизги программасынын “Серебряный Витязь” байгесине ээ болду.

2-9-сентябрында Анапа шаарында  (Россия) өткөн Киношок-2018 эл аралык кинофестивалында толук метраждуу тасмалардын Гран-присине жана мыкты сценарий байгесине “Мунабия” (режиссер Т.Кулмендеев) аттуу тасмасы ээ болду. 

 

3-6-сентябрларда Казан шаарында (Татарстан, Россия) өткөн Х эл аралык жаштар кинофестивалынын гран-присине Аскар Нуракун уулунун “Киноман”аттуу тасмасы ээ болду.

 

4-10-сентябрда Казан  шаарында (Татарстан, Россия) өткөн XIV Казан эл аралык Мусулман тасмаларынын  кинофестивалында Т. Ибрагимовдун  “Свет и тень”аттуу тасмасы калыстардын атайын Дипломуна ээ болду.
 

21-25-сентябрларда Ялта шаарында  (Россия) өткөн “Евразийский мост”эл аралык кинофестивалында А. Шаршеновдун  “Жизнь прекрасна” аттуу тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына жана көрүүчүлөрдүн сыйлыгына ээ болду.

 

4-13-октябрларда Бусан шаарында (Түштүк Корея) өткөн XXIII эл аралык  кино фестивалынын  “Новые веяния в кино” (New Current) программасында Б.Пирматовдун “Аврора” аттуу тасмасынын дүйнөлүк бет ачаары болду.

 

27-30-ноябрда  Ташкент шаарында  (Узбекистан)өткөн “Пролог” эл аралык кино фестивалынын “Түнкү кырсык” (Т.Бирназаров) тасмасына Мыкты эркектин ролун аткаргандыгы үчүн А.Абдыкалыковго жана “Делбирим” (С.Каримов) тасмасынаМыкты  айымдын ролу үчүн М.Талипбекке сыйлыктар тапшырылды.

 

Госкино