Фестивали: подача заявок

Продолжается прием заявок к участию в лаборатории Development Lab проекта Alternativa Film Project до 28 апреля 2024 года

 

Бухара, Алматы и online, Июнь-Октябрь 2024

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана” (ru, kg)

 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок короткометражных игровых и документальных фильмов для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана”.

Подробнее ...
 
14.02.2019 00:00
Доклад М.Бектеналиева на Коллегии МКИТ КР
 

В Национальной филармонии имени Т.Сатылганова в Бишкеке 14 февраля 2019 года состоялось заседание коллегии Министерства культуры, информации и туризма по итогам 2018 года.

 
 
В мероприятии приняли участие более 300 человек, среди них министр культуры Азамат Жаманкулов, замминистра Кайрат Иманалиев и Максат Дамир уулу, депутат Жогорку Кенеша Садык Шер-Нияз, статс-секретарь ведомства Бактыбек Секимов, вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова, директор Департамента кинематографии Мукталы Бектеналиев, директор национальной консерватории Муратбек Бегалиев, представители подведомственных учреждений и деятели культуры.
 
Текст выступления директора Департамента кинематографии Мукталы Бектеналиева:
 
Кинематография Департаменти 2018-жыл ичинде бекитилген Планына ылайык ишмердигин жүргүзүп, бир топ иш чараларды аткарууга жетишти жана өткөн жыл, кино тармагы  үчүн жемиштүү жылдардан болду.

Негизги иш пландагы милдеттер, Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине, аймактарды өнүктүрүү жылына карта бекитилген иш-чаралар аткарылды.

 

Убактыныздарды алып бардыгын атап отурбай топтоштуруп эле   негизги аткарылган иш чараларга, көйгөйлүү маселелерге, милдеттерге  токтолоюн. Кенири слайддан берилет.

 

Жыл ичинде укуктук актыларды, жаңы ченемдерди иштеп чыгуу багытында:

 

“Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Мыйзамга продюсердик ишмердүүлүк жана тасмалардын мазмуну тууралуу өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында Бишкектеги “Кызыл Кыргызстан” кинотеатрын реконструкциялоо иштерин жүргүзү  келишими  түзүлдү.  2022-жылы курулушту бүтүрүү пландаштырылды, инвестициялоого 34 млн. 887 754 сом сарптоо каралды. 

 

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-январындагы № 10 токтомун аткаруу максатында штаттык

бирдиктерди кыскартуу боюнча сунуштары ведомство аралык комиссиянын  кароосуна берилип,  2018-жылдын  7-майындагы  № 227 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” Өкмөттүн токтому ишке ашырылды. 5 кинодирекция жоюлуп, функциясы башка дирекцияларга берилип, 23 штат кыскартылып, анын ичинен 16 жетекчи кызматтагылар.

 

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын 2018-жылдын  тематикалык жана өндүрүш планына 6 тасма киргизилип, өндүрүлдү.

 

“Ак кеме” повестинин негизинде “Шамбала” көркөм тасманы тартуу иштери 2018-жылдын 2-апрелинде башталып, азыркы күндө тасманын тартуу иштеринин 80% аякталды.

 

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу “Мир Айтматова” (“Айтматовдун дүйнөсү”)  толук метраждуу даректүү тасма тартылып бүтүп, 17-ноябрда Бишкек ш. “Ала-Тоо” кинотеатрында кыргыз кино күнүнө арналган иш-чаранын алкагында бет ачаар аземи өткөрүлдү. Азыркы күндө аталган тасма республиканын телеканалдарында көрсөтүлүүдө.

“Устаттын керээзи” даректүү тасма тартылып бүтүп, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык жана республикалык  иш-чараларда көрсөтүлдү жана телеканалдарда көрсөтүлүп жатат.

 

“Ысык-Көл форуму”  даректүү тасманы тартуу иштери аяктады.

 

Ш.Жапаровдун “Эл кайда көчөт”, М.Абдыкалыковдун “Жөө күлүк”, Э.Атагельдиевдин “Көл” толук метраждуукөркөм тасмалары  аяктап, жакында бет ачаарлары болот. Мындан тышкары эки анимациялык тасма тартылып бүттү.

Кинематография департаменти “Өзбек кино” мамлекеттик агенттиги менен бирдикте Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде “Делбирим”  көркөм тасмасы тартылды. 16-ноябрда Ташкент ш., ал эми  5-декабрда  Бишкек ш. бет ачаар аземи өткөрүлдү. Азыркы күндө республиканын бардык кинотеатрларында көрсөтүлүүдө.

 

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган 8 тасманын  санариптөө иштери РФ маданият министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып, Т.Океев атындагы улуттук киностудиясына тапшырылды.

 

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын кинокербени республиканын бардык областарында тасмаларга тартылган актерлордун катышуусу менен кинотеатрларда, маданият үйлөрүндө жана мектептерде чыгармачыл жолугушуулар өткөрүлүп, тасмалар көрсөтүлдү. 11-декабрда “Октябрь” кинотеатрында жана Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө кинокербенди жыйынтыктоочу чыгармачылык жолугушуу өткөрүлдү. Аталган  жолугушууларда  жалпысынан 24 085 көрүүчүгө 128 сеанс көрсөтүлдү.

 

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар Кытай Эл Республикасында, Россия Федерациясында (Москва, Татарстан, Башкыртостан, Якутия), Белоруссияда, Түркияда, Өзбекстанда, Японияда, Австрияда жана башка чет мамлекеттерде жазуучуга арналган иш-чаралардын жана эл аралык кинофестивалдардын алкагында  көрсөтүлдү.

Чүй областынын Кемин районуда жана Токмок шаарында кинематография ишмерлеринин кино семинары өткөрүлүп, орчунду маселелер талкууланды.

 

Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында  бир катар иш-чараларды өткөрдүк.

 

Кант, Чолпон-Ата шаарларында Россиянын кино жумалыгы болуп өттү.

 

Бишкек шаарында Европа киносунун фестивалы, Түркия, Өзбекистан, Татарстан, Польша, Белорус кино күндөрү өткөрүлдү.

 

Японияда Кыргыз Республикасынын элчилигинин колдоосу менен Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылгантасмалар көрсөтүлдү.

 

 

Улуттук жана Эл аралык деңгээлдеги бир катар кинофестивалдар өткөрүлүп, колдоо көрсөтүлдү:

 

  • Эл аралык жаштардын “Умут” кинофоруму,
  • Улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгы,
  • “Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы,
  • Балдар жана өспүрүмдөрдүн “Карек” кинофестивалы,

2017-2018-жылдарычыккан “Делбирим”, “Дарак ыры”, “Аврора”, “Киноман”, “Кентавр”, “Түнкү кырсык”, “Саякбай”, “Мунабия” тасмаларынын дүйнөлүк бет ачарлары чет өлкөлөрдүн кинофестивалдарынын алкагында ийгиликтүү өтүү менен бирге көптөгөн баш байгээлерди алып келүүдө.

 

Аймактарда кино тармагынын өнүгүүсүнө, калкты кино менен тейлөөнү жакшыртууга басым жасалды.

Республиканын аймактарында жыл ичинде аймактык кинодирекциялар тарабынан көрүүчүлөргө 14 793 сеанс көрсөтүлдү. Анын ичинен АКП менен  4 803 сеанс жана акысыз 3 642  сеанс көрсөтүлдү. Көрүүчүлөрдүн саны  343 100;  алардын ичинен АКП аркылуу  91 700 көрүүчү, акысыз сеанстар менен 316 400 көрүүчү тейленди. Аймактык кинотеатрлардын кирешеси  4 420,0 миң сомду түздү, ал эми АКП аркылуу 816 800 сом чогултулду.

 

Аймактар менен шаардагы ижарадагы мамлекеттик жана жеке менчик кинотеатрлардын жалпы дүн чогултуу кѳлѳмү 453 905,7мин сомду түзсѳ, 109,1сеанс коюлуп,  2 008,5кѳрүүчү киного кирди.

 

Чүй районундагы  кинотеатрга чатырын жана сырткы келбетин оңдоого аз да болсо каражат бөлүндү. Ош шаарындагы “Кыргызстан” кинотеатры ижарага берилип, капиталдык ремонттон өтүүдө,  Ат-Башыдагы “Чатыр-Көл” кинотеатрын бюджеттин эсебинен капиталдык ремонт бүткөрүлдү. Маданият үйлөрдүн, клубдардын, мектеп залдарынын базаларында жаңы кинотүйүн ачуу иштери улантылып жатат.

 

Өздүк каражаттардын эсебинен жеке студиялар менен биргеликте тартылып жаткан кинолорго техникалык колдоолор көрсөтүлүп, ко-продукция жолу менен тасмалар жаралууда.

 

Каржылоо маселеси:

 

“Мамлекеттик кинематографияны колдоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык, кинематографияга жылына республикалык бюджеттин 0, 1 % каралууга тийиш. 2018 жылга 140 882,2сом каралып, бирок каржыланган каражаттын көлөмү 72 787,0 сомду түздү жана 68 095,2сомго кем каржыланды, б.а. республикалык бюджеттин 0,05% түздү (2018-жылы Ч.Айтматовдун мааракесине карата каржылоо кошулганда).  Жыл сайын кинемтография тармагын каржылоо республикалык бюджеттин 0,03%  кана түзөт.

 

Ушуну менен катары дагы  орчундуу көйгөйлөр жок эмес:

-  Каржылоо маселеси, каралган бюджеттин аздыгы, 0,1% жетпейт;

-техникалык каражаттардын эскилиги, павильондордун жоктугу, киностудиянын тегерегин курчоо, заманбап техникалар менен камсыздоо маселелери;

- айлык маянанын аздыгынан кадрлардын көпкө токтобой кетип жатышы;

- киноөндүрүштүн экинчи звенодогу кадрларынын жетишсиздиги;

- аймактарда жайгашкан 38 кинотеатрдын ичинен беш кинотеатр оор авариялык абалда. Өзгөндѳгү “Айчүрөк”, Кара-

 

Бурадагы “Семетей”, Чаектеги “Соң-Көл”, Кочкордогу “Чолпон”, Сокулуктагы “Кыял” кинотеатрлары;

- кино көрсөтүү техникалык каражаттарынын, көчүп жүрүүчү  авто кино түйүндөрүнүн аздыгы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына ылайык кинематографияжагындагы чыгармачылык долбоорлорду же болбосо чыгармачылык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруудатовар же кызматтарды тикелей келишим аркылуусатып алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугусыяктуу орчунду маселелер бар. Эрмек

 

Эми алдыга койгон максаттар жана милдеттер:

 

Маселелерди чечүү жана эффективдүү башкарууну киргизүү максатында мамлекеттик кинотармакты, кинофондду, кино көрсөтүү, тасмаларды каттоо маселелерин кайрадан карап чыгуу. Мамлекеттик киномекемелердин ишмердигин кайра карап, ашыкча жана кайталанган функцияларды жок кылуу, учурдун талабына ыңгайлаштыруу, кайрадан түзүү, оптимизация иштерин жүргүзүнү улантабыз.

 

Аймактар боюнча тейлөөчү инженердик-техникалык адистерди көбөйтүп, башкаруучу адистеринин санын азайтууну, айрым кинодирекцияларды бириктирүүнү жана функцияларын талдап, кайра бекитүүнү, кайра түзүүнү жана жаңы техникалык колдоо көрсөтүүнү, мобилдик кино көрсөтүү группаларын ачуу, көчүп жүрүүчү авто кино түйүндөрдү өнүктүрүү иш чараларын камтыйт. Оптимизациялоо жана кыскартуу тууралуу өкмөткө жана министрликке сунуштарыбыз даярдалууда.

 

Дагы бир чоң милдет – КР Президентинин Жарлыгы менен жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү цифровизация” жылына карата иш-чаралар планын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруу.

 

Аймактарга өзгөчө көңүл бөлүнүп жер-жерлердеги кинотеатрларды оңдоп-түзөө, заманбап видеопроекциондук жабдык менен камсыздоо, кыргыз киносунун алтын фондусунан тематикалык тасмалар санариптелип, нускалоо жана элге тартуулоо, кинокербендерди, чыгармачылык жолугушууларды уютуруу иш чаралары каралган.

 

Мындан тышкары Департамент негизги милдеттерине ылайык көркөм, даректүү жана анимациялык тасмаларды өндүрүү; калкты кино менен тейлөө; метериалдык-техникалык базаны чыңдоо, эл аралык иш-чараларды уюштуруу; эл аралык кинофестивалдарга катышуу, аларды уюштуруу, жаш кинематографисттерге колдоо көрсөтүү жана башка иштерди аткаруунун үстүндө иш алып барат.

 

 

 

Пресс-служба Департамента кинематографии