13.02.2019 00:00 |
Коллектив Департамента кинематографии при МКИТ КР сердечно поздравляет Кыргызбаева Жолдошбека Омуракуновича с юбилеем и желает всего самого наилучшего!
Жолдошбек Кыргызбаев - Главный специалист отдела организационно-правовой и технической поддержки Департамента кинематографии.
Торжество! Юбилей! Шестьдесят!
Урматтуу Жолдошбек Өмүракунович!
Кинематография департаментинин атынан Сизди 60-жылдык мааракеңиз менен куттуктайбыз! Сиз, кыргыздын чыгаан уулдарынын катарын толуктап келген, сый-урмат, улуу сөз менен белгиленүүгө татыктуу инсандарыбыздын бирисиз.
Сиздин кинодогу областтык жетекчиден башталган эмгек жолуңуз, талыкпаган аракетиңиздин аркасында бөлүм башчы, директордун орун басары, башкы адис кызматтарын аркалап келдиңиз.Ошондой эле иштеп турган мезгилде кыргыз киносу жана анын өнүгүшү үчүн зор салым коштуңуз десем жаңылышпайбыз.
Сиздин көп жылдык ак ниеттүүлүк менен кылган эмгегиңиз республиканын кинофикация системасын сактоо жана өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.
Сиздин өз ишиңизге жасаган жоопкерчиликтүү, олуттуу мамилеңиз бүгүн унутулгус, терең, маанилүү жыйынтыктарды берип отурат. Азыркы учурда да кино системасында башкы адис катары кызмат кылып келүүдөсүз.
Биз Сиздин кинодогу бай тажрыйбаңызды баалайбыз жана кыргыз киносу үчүн күйгөн жооптуу кесиптеш катары сыйлайбыз.
60 жаш кутман курак мааракеңиз куттуу болсун!
Сизге түгөнгүс энергия, сак-саламаттык, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңизде ийгиликтерди каалайм!
Урматтоом менен,
Кинематография департаментинин директору - М.А.Бектеналиев
|