Фестивали: подача заявок

Alternativa Film Labs Impact Lab программасына катталууну жарыялайт

 

Дедлайн: 05.08.2024. Impact Lab чыгармачыл кинолабораториясы 26-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкекте (Кыргызстан) өтөт.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs объявляет набор  на программу Impact Lab

 

Дедлайн: 05.08.2024. Творческая кинолаборатория Impact Lab пройдет с 26 сентября по 1 октября в Бишкеке (Кыргызстан).

Подробнее ...
 

LENDOC ждёт Ваши заявки!

 

Заявки принимаются до 15 июля 2024 года

Вы можете заявить Ваши фильмы и проекты

Подробнее ...
 
14.03.2018 00:00

Кастинг! Кастинг!
 

Жарыя!!! Жар салабыз! Киного тартуу максатында кыргыз улутундагы 13-14 жаштагы балдар жана кыздар керек. Буюруса, жакында тартыла турган тасманы жаш кинорежиссер, актер Мирлан Абдыкалыков "жаратам!" - деп аттанып турган кези.

 

 

 

Окуя айыл жергесинде болгондугуна байланыштуу, бул тасмага айылдык тыӊ, чыйрак балдар менен кыздар талап кылынат. Ошондуктан, келечекте тартыла турган тасмага шаардын чет жагынан балдар-кыздарды карап жатабыз. Өзгөчө, бул жагы Каракол ар жагы Алай тараптан туугандарыӊыздардын таланттуу, зендүү, киного ылайыктуу балдар-кыздары бар болсо, бизге +996 552 506-507 номери аркылуу whatsAppка сүрөттөрүн жиберсеӊиздер, сонун болот эле.

 

Кыз бала класстын сулуусу болушу керек. Эркек бала эр жүрөк, күчтүү, жылдыздуу, мандайы жарык, өжөр, намыскөй, тырышчаак жана тентек болушу керек.

 

Кудай жалгап, Мирлан Абдыкалыковдун келечекте тартыла турган тасмасы «Ника» киносыйлыгын багындырат деп тереӊ ишенебиз жана чыгармачылык топко ийгиликтерди каалайбыз! Баса, бул жарыя менен өз баракчаӊыздарга да бөлүшүп коёсуздар деп ишенебиз! Чоӊ ракмат! Чон сураныч