05.06.2015 00:00 |
Карел, 75 жашыңды куттуктап,
Каке! Ачты ток кылган Арыкты семиз кылган Айтылуу Сар-Өзөн Чүйдүн кулунусуң.
Тоону түз кылган Ташты түзүп из кылган Күжүрмөн эл “Жерказардын” тукумусуң. Каке! Орто бойлуу, терең ойлуу Буудай жүздүү, Шабдан түздүү Сүйлөсөң башыңда акылың бар Ээгиңде ээр жигиттин сакалың бар.
Боюң орто бойлуу болгон менен Оюң “Сар-Өзөн” Чүйдүң Өрөөнүндөй кенен. Атың таанымал Колуңдагы аппаратың менен.
Көлөмүң болсо дагы Жүн токкон баштыктай Бирок, кыргызга таанымсың Аттын кашкасындай.
Ыраазычылык билдирчү элем тагдырыма Кудай буйруп сендей жигитке таанышканыма. Андан бери көп жыл өттү Азилдешип батып жүрдүк тамашага.
Досуң Медет Думанаев
|