| 04.06.2026 00:00 |
|
7-июнда ордо калаанын борборунда — Т. Усубалиев атындагы аянтта IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Меймандарды кино, искусство жана эл аралык маданий диалогго арналган кече күтөт. Асман килеминде кинематографисттер, актерлор, режиссерлор, продюсерлер, эл аралык киноиндустриянын өкүлдөрү жана фестивалдын ардактуу коноктору чогулат.
18:00 — Асман килеми
Бардыгыңыздарды жылдын башкы кинематографиялык окуясынын бир бөлүгү болуп, Бишкекте чоң кино жумалыгынын салтанаттуу ачылышын чогуу белгилөөгө чакырабыз!
|


