| 06.04.2026 00:00 |
|
Бишкекте Франкофондук тасмалардын фестивалы өтөт
2026-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейин Бишкекте Франкофондук тасмалардын фестивалы өтөт. Тасмалар күн сайын саат 18:00дө акысыз көрсөтүлө баштайт. Фестивалда Швейцариянын, Франциянын, Бельгиянын жана Румыниянын тасмалары көрсөтүлөт. Иш-чаралар “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Фестиваль Франкофония Жазынын бир бөлүгү болуп саналат. Франкофония Жазы-2026 – бул француз тилинин жана франкофондук маданияттардын көп түрдүүлүгүнө жана чыгармачылыгына арналган жыл сайын өтүүчү майрам. Иш-чараны Бишкектеги Француз альянсы, Франциянын жана Швейцариянын Элчиликтери, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү, Бельгиянын жана Румыниянын Казакстандагы Элчиликтери, ошондой эле 20га жакын кыргызстандык өнөктөш уюштурду.Фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт.
Фестивалдын расмий ачылышы шейшемби күнү, 7-апрелде саат 18:00дө болот. Фестивалды швейцариялык “Бон шуур Тичино” («Bon Shuur Ticino») комедиясы ачат. Тасма оригиналдуу тилдерде (француз, немис, италия) көрсөтүлүп, кыргыз, орус жана англис тилдериндеги субтитрлер менен коштолот.
Тасмалардын программасы:
Шаршемби, 8-апрель, 18:00–“Айдын мыкты кызматкери” («Employee of the Month»), бельгиялык комедия, француз тилинде көрсөтүлүп, орусча субтитрлер менен коштолот; Бейшемби, 9-апрель, 18:00–“Улуттун портреттери: иденттүүлүктүн беш жүзү” («Portraits of a Nation: five faces of an identity»), румын даректүү тасмасы, румын тилинде көрсөтүлүп, кыргызча субтитрлер менен коштолот; Жума, 10-апрель, 18:00–“Бельвиллдин үч эгиздери” («The Triplets of Belleville»), француз анимациялык тасмасы, француз тилинде көрсөтүлүп, кыргызча субтитрлер менен коштолот.
Фестивалга кирүү акысыз, билеттерди сайттан алууга болот: www.kassir.kg
Француз тили дүйнөдө эң көп колдонулган тил катары бешинчи орунду, Интернетте эң көп колдонулган тил катары төртүнчү орунду ээлейт жана мааниси боюнча үчүнчү ишкер тили болуп саналат. Бул тилде беш континентте 330 миллиондон ашык адам сүйлөйт. Француз тили ошондой эле дипломатиянын маанилүү тили катары таанылган. Эл аралык Франкофония уюмуна 88 өлкө кирет, 29 өлкөдө француз тили расмий макамга ээ.
Толук маалыматты социалдык тармактардан табууга болот:
|


